Жаңылыктар
Россия чыгарган "Спутник V" вакцинасы БУУ кызматкерлерине акысыз берилет
Дүйнө
Россия чыгарган "Спутник V" вакцинасы БУУ кызматкерлерине акысыз берилет

Бириккен Улуттар Уюму Россиянын Президенти Владимир Путинге уюмдун кызматкерлери үчүн коронавируска каршы вакцина берүү сунушуна ыраазычылык билдирди. Бул туурасында уюмдун башкы катчылыгынын атайын өкүлчүлүгү билдиргенин чет элдик маалымат булактары жазды. 

Белгилей кетсек, Путин кечээ БУУнун Башкы ассамблеясынын 75-сессиясында сүйлөп жатып, уюмдун кызматкерлерине Россия чыгарган "Спутник V" вакцинасын акысыз берүүгө даяр экенин айткан. 

"Биз Путинге жоомарттыгы үчүн ыраазычылык билдиребиз. Ал вакцина биздин медициналык кызмат тарабынан иликтенет", — деп билдиришкен БУУнун кеңсесинен. 

Ошондой эле Путин келечекте коронавируска каршы дары дүйнө боюнча барына жеткиликтүү болушу керектигин белгилеген. Аны менен катар COVID-19га каршы препараттын кооперациясын түзүү боюнча кызыкдар мамлекеттер менен онлайн-конференция өткөрүүнү сунуштаган.