Жаңылыктар
Римдин мэрлигине биринчи жолу айым шайланды
Дүйнө
Римдин мэрлигине биринчи жолу айым шайланды

Тарыхта биринчи жолу Италия борборунун мэри болуп 37 жаштагы Вирджиния Раджи аттуу айым шайланды. Кечээ жекшемби күнү Римде административдик шайлоонун экинчи туру өткөрүлгөн болчу. 

Италия телеканалдарынын жарандарга жүргүзгөн сурамжылоолорунун жана социалдык кызматтардын шайлоо түйүндөрүндө жүргүзгөн изилдөөлөрүнө ылайык, Раджи 64-68 пайыз добуш топтогондуктан ал Римдин башчысы болгону болжолдонду. 

Бул боюнча акыркы жыйынтыкты Италиянын ички иштер министрлиги кечирээк чыгармакчы. Вирджиния Раджи 1978-жылы 18-июлда Римде төрөлгөн, үй-бүлөлүү бир уулдун энеси. Ал юридикалык билим алган, 2006-жылдан бери адвокат болуп иштеп келген. Раджи англис, француз жана испан тилдеринде сүйлөөрүн маалымат сайттары жазат.


Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118