Жаңылыктар
Тил күнүнө карата маданият өкүлдөрүнө "Түгөлбай Ата" сыйлыгы тапшырылды
Маданият
Тил күнүнө карата маданият өкүлдөрүнө "Түгөлбай Ата" сыйлыгы тапшырылды

Мамлекеттик тил күнүнө карата "Түгөлбай Ата" коомдук фонду тарабынан мамлекеттик тилге, маданиятка жана адабияттын өнүгүшүнө салым кошкон инсандарга "Түгөлбай Ата" сыйлыгы тапшырылды. 

Төш белги жана “Көк Асаба” дипломуна жазуучу, журналист Самсак Станалиев, Мамлекеттик тил комиссиясынын төрагасы Назаркул Ишекеев, “Түгөлбай Ата” медалынын үстүндө иштеп жаткан дизайнер Леонид Александрович менен Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары, драматург Кайрат Иманалиев ээ болушту. 

Эскерте кетсек “Түгөлбай Ата” коомдук фонду 1994-жылдан бери маданият жана искусствонун ар кайсы тармагында үзүрлүү эмгектенип келе жаткан инсандарга сыйлык тапшырып келет.