Жаңылыктар
Шайлоо - 2020: байкоочуларды каттоо уланууда
Шайлоо 2023
Шайлоо - 2020: байкоочуларды каттоо уланууда

4 -октябрда өтө турган парламенттик шайлоого карата байкоочуларды каттоо уланууда. БШКдан кабарлагандай бул жолку шайлоого 20дан ашык эл аралык уюм байкоочу катары катышаары болжолдонууда. Мындан сырткары жергиликтүү жана ар бир партиядан байкоочулар да каттоодон өтө баштады.

Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин файеси, шайлоо болгон сайын ыңгайлуу имарат катары тандалып алынат. Ар бир шайлоочу эшиктен киргенден баштап, добушун берип чыгып кеткенге чейинки ар бир кыймыл баштан аяк, шайлоо комиссиясына да, баардык байкоочуларга да көрүнүп турат.

Ал арада эл аралык байкоочуларды каттоо уланууда. Бүгүнкү күнгө карата БШК 121 эл аралык байкоочуну каттады. Шайлоо башталгычакты дагы 100 го чукул чет өлкөлүк байкоочу катталат деп болжолдонууда. Бул ирээт эл аралык байкоочулардын басымдуусу КМШ өлкөлөрүнөн келет.