Жаңылыктар
Мекенге карай жол: 3800 мекендешибиз Россиядан Кыргызстанга автобус менен келет
Мекендештер
Мекенге карай жол: 3800 мекендешибиз Россиядан Кыргызстанга автобус менен келет

Төрт миңге жакын кыргызстандык атуулдар Казакстандын аймагы аркылуу Россиядан мекенине автобус менен кайтат. Өкмөт аралык сүйлөшүүлөрдөн соң, казак тарап кезектеги "жашыл коридорун" ачууга даяр экенин айтты.

Орус-казак чек арасында чогулуп калган кыргызстандык жарандарга Казакстан өлкөсү 7-ирет “жашыл коридорун” ачууда. Бул саам мекенине 3 миң 800 адам 55 автобус менен кайтат. 

Башкыртстандын Уфа-Оренбург жолунда чек ара ачылышын күтүп калган мекендештер дагы Кыргызстанга кайтат. Арасында кош бойлуу аялдар менен жаш балдар дагы бар. Республика жетекчиси Радий Хабиров, кыргызстандыктар толугу менен мекенине кайтмайынча, аларга кам көрүлсүн деп тапшырма берген. Ага ылайык, жата турган жерлери даярдалып, жарандар ысык тамак менен камсыз болгон. Мындан сырткары, жаш балдарга өзүнчө жерге ойноп, сүрөт тартып убакыт өткөрүүгө дагы шарт түзүлгөн.