Жаңылыктар
4-октябрь парламенттик шайлоого карата мобилдик топтор уюштурулду
Шайлоо 2023
4-октябрь парламенттик шайлоого карата мобилдик топтор уюштурулду

4-октябрь Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоога карата БУУнун Өнүктүрүү Программасынын колдоосу менен БШКнын, Тышкы иштер министрлигинин жана Мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлдөрү кирген мобилдик топтор уюштурулду. 

Алар Кыргызстандын аймагынан тышкары жерде жүргөн жарандарга добуш берүүнүн жолдору тууралуу кеңеш беришет. Башка мамлекеттерде жүргөн кыргызстандыктардын шайлоо мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу максатында чет өлкөлөрдө 44 шайлоо участкалары түзүлгөн. Добуш берүүдө жарандардын коопсуздугун камсыздоо үчүн гигиеналык каражаттар, бир жолу колдонулуучу бет кап, кол каптар даярдалды. 4-октябрда ар бир шайлоо участкасында добуш бергени келгендер текшерүүдөн өтүп, дене табы өлчөнөт.

"Биз Москвадагы Кыргызстандын элчилигиндебиз, ал жакта Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо өз шайлоо укугунан пайдаланып, добуш берүүнү каалаган кыргызстандыктардын активдүүлүгү жогорулады. Шайлоочулардын тизмесине кирүү үчүн жаран конституциялык мыйзамга ылайык, консулдук каттоодон өтүп, биометрикалык маалыматтарын тапшыруусу керек”,- деди БШКнын эл аралык кызматташуу бөлүмүнүн башчысы Арсланбек Үмөталиев.