Жаңылыктар
Ооганстанда жардыруудан 8 адам каза болду
Дүйнө
Ооганстанда жардыруудан 8 адам каза болду

Ооганстандын түндүк-чыгыш тарабында жайгашкан Бадахшандагы жардыруудан 8 адам каза болуп, 18 адам ар кандай жаракат алды. Мотоциклге тагылган бомба анча чоң эмес Кешим шаарынын базарында жарылган. 

Жергиликтүү администрациянын өкүлү Навид Фрутандын айтымында, каза болгондор жана жаракат алгандардын баары жергиликтүү жашоочулар. Жакында эле Ооганстандын борбору Кабулда террористтер тарабынан эки жолу жардыруу болгон эле. 

Анын кесепетинен жеке менчик компанияда иштеген Непалдын 14 жараны каза болгон. Ошондой эле, ушул эле аймакта унаага чиркелген дагы бир бомбанын айынан беш адам оор жаракат алды.


Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118