Жаңылыктар
Бишкекте полковник баңгизат сатып кармалды
Кылмыш
 Бишкекте полковник баңгизат сатып кармалды

Бишкекте Ички иштер министрлигинин Баңгизатты мыйзамсыз айлантууга каршы күрөшүү кызматынын полковниги баңгизат сатып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы маалымдайт.

Зыяндуу заттын салмагы 1,5 килограммдан туруп, баасы 518 миң сомду түзгөн.

Кармалган жаран ИИМдин Баңгизатты мыйзамсыз айлантууга каршы күрөшүү кызматынын Чүй облустук бөлүмүнүн полковниги экени белгилүү болду.

Аталган факт боюнча  сотко чейинки өндүрүш иши Кылмыш кодексинин 267-беренесинин негизинде каттоого алынды