Жаңылыктар
Бишкекте веложүрүш өтөт
Спорт
Бишкекте веложүрүш өтөт

Бишкекте 27-сентябрь күнү  COVID-19 пандемиясы учурунда ден-соолукту сактоо максатында экинчи веложүрүш  өтөт. Бул тууралуу  мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Веложүрүш Адинай паркынын түндүк тарабынан Аалы Токомбаев жана Нуркамал Жетикашкаева көчөлөрүнүн кесилишинен башталып,  Токтоналиев көчөсү менен Адинай паркына барып бүтөт.

Коопсуздук эрежелерин сактоо үчүн велосипед колоннасынын ичинде 1,5-2 метр аралык сакталып, велосипедчендерди жол коопсуздугун камсыздоо кызматкерлеринин үч унаасы жана эки тез жардам унаасы коштоп жүрөт.

Катышуучулардын жанында  коргоочу каражаттары,  маска жана антисептик болуусу керек.

Маршрут боюнча жүрүүчү бөлүк унаалардын кыймылын убактылуу чектейт. Веложүрүш 10 чакырымга созулат.