Жаңылыктар
Өлкөдө 437 миңден ашык жаран биометрикалык каттоодон өтө элек
Кыргызстан жаңылыктары
Өлкөдө 437 миңден ашык жаран биометрикалык каттоодон өтө элек

Кыргызстанда жарактуу паспорттору бар 18 жаштан жогорку 437 миң 384 жаран биометрикалык каттоодон өтө элек. Бул тууралуу маалымат жыйында  Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Акын Мамбеталиев билдирди.

"8-январга карата биометрикасы жок жарандардын саны 543 миң 464 адамды түздү. Кыскаруу 11,16 пайыздан туруп, учурда 106 миң 80 адам каттоодон өттү ", - деди ал.

Анын айтымында, Бирдиктүү мамлекеттик реестрдин маалыматы боюнча, өлкөдө жарактуу паспорттору бар 18 жаштан жогорку 3 миллион 918 миң 649 жаран бар.

Биометрикалык каттоодон өтүү жарандарды шайлоочулардын тизмесине киргизүүнүн негизги шарты экендигин белгилей кетүү керек.