Жаңылыктар
Сауд Арабия 4-октябрдан тарта ажылык сапарды уюштуруу иштерин баштайт
Дүйнө
Сауд Арабия 4-октябрдан тарта ажылык сапарды уюштуруу иштерин баштайт

Сауд Арабиянын бийлиги 4-октябрдан тарта ажылык сапарды уюштуруу иштерин баштайт. Меккеге баруучулардын сапары коронавирус пандемиясына байланыштуу март айынан тарта токтотулган болчу.

Сауд Арабиянын Ички иштер министрлиги жалпыга маалымдоо каражаттарына билдирген маалымат боюнча, алгачкы этапта жергиликтүү жана чет өлкөлүк зыяратчылардын бир күндөгү саны 6 миңден ашпашы керек. Ал эми ноябрдан тарта зыяратчылардын бир күндөгү санын 20 миңге чейин жеткирүү пландалып жатат. Алар негизинен чет өлкөлүк коноктор болот.