Жаңылыктар
Шайлоо - 2020: шайлоочулардын тизмесин тактоо иштери бүгүн аяктады
Шайлоо 2023
Шайлоо - 2020: шайлоочулардын тизмесин тактоо иштери бүгүн аяктады

Мыйзам боюнча, шайлоочулардын эң акыркы тизмеси шайлоого 10 күн калганда жарыяланат. Буга ылайык Борбордук шайлоо комиссиясы маалымат жыйын уюштуруп, алдыдагы парламенттик шайлоого карата көрүлүп жаткан даярдыктар тууралуу кеңири маалымат берди. 

Календарлык планга ылайык, шайлоочулардын тизмесин тактоо иштери бүгүн аяктады. БШКнын маалыматына караганда, алдыдагы парламенттик шайлоого катышуу үчүн 3,5 миллион кыргызстандык катталды. Бул көрсөткүч 2015-жылы өткөн парламенттик шайлоого салыштырмалуу 28 пайызга көп.

Ал эми №2 формасы боюнча добуш берүүгө өтүнгөн шайлоочулардын саны жарым миллионго жакындаган. Маалыматка караганда 2015-жылдагы парламенттик, 2017-жылдагы президенттик шайлоолордо да бул форма менен арыз бергендер көп болгон.

Ушул тапта 18 жаштан өткөн, шайлоого барууга укуктуу болгон Кыргызстандыктардын саны 4 млнго чукул. Жалпы көрсөткүчтүн ичинен 500 миңдей адам адам биометрикалык каттоодон өткөн эмес.

Алдыдагы шайлоо өнөктүгүн таза жана мыйзам чегиде өткөрүп алуу үчүн, көзөмөл кылып жаткан башкы прокуратура ушул тапта 128 мыйзам бузуу фактысын иликтеп жатат. Жазык кодекси боюнча 82 кылмыш иши, кылмыш жана жоруктар кодекси менен 46 факты катталып, сотко чейинки өндүрүш ачылган.