Жаңылыктар
Бардык саясий партияларга Массалык маалымат каражаттарынан бекер эфир, аянтчалар берилип жатат
Шайлоо 2023
Бардык саясий партияларга Массалык маалымат каражаттарынан бекер эфир, аянтчалар берилип жатат

4-октябрда өтө турган Жогорку Кеңештин шайлоосуна 16 партия катышат. Парламенттеги орундарды кайсы партиянын өкүлдөрү ээлери шайлоочулардан көз каранды. Ал эми мамлекеттик жана коомдук ММКда эфирдик убакытты жана басылмалардан бекер аянтчаны бардык партияларга бирдей бөлүштүрүү боюнча мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн. 

Бардык саясий партияларга Массалык маалымат каражаттарынан бекер эфир, аянтчалар берилип жатат. Ал эми башка шайлоого чейинки үгүт иш-чараларын Борбордук шайлоо комиссиясы менен мамлекеттик жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары камсыз кылган.

Азыркы үгүт иш-чаралары БШКнын жумушчу комиссиясы жана серепчилери тарабынан көзөмөлдөнүүдө. Учурда партиялардын дээрлик көпчүлүгү ката кетирип алуудан коркуп, этияттап калды.

Санариптештирилген заманбап добуш берүүдө админстративдик ресурс, добуш сатып алуу сыяктуу одоно катачылыктарга жол берилбейт. Добуш беруунун техникалык сырларын бузууга эч мүмкүн эместигин шайлоочулар эстерине бекем түйүш керек. Ар бир шайлоочу өзү татыктуу деп санаган партияга добуш бере алат. Ал эми тартип бузгандар сөзсүз түрдө жазаланат.