Жаңылыктар
Шайлоо - 2020: БШК “Учкун” басмаканасынан шайлоо бюллетендерин кабыл алды
Шайлоо 2023
Шайлоо - 2020: БШК “Учкун” басмаканасынан шайлоо бюллетендерин кабыл алды

Борбордук шайлоо комиссиясы “Учкун” басмаканасынан шайлоо бюллетендерин кабыл алды. Иш-чарага парламенттик шайлоого катышып жаткан партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана аймактык шайлоо комиссияларынын жетекчилери катышты. 

Жалпысынан 3 миллион 523 миң 532 бюллетень даярдалган. Мындан сырткары көзү азиздер үчүн ылайыктуу болгон брайл арибиндеги добуш берүү кагазы бар.

“Мыйзам боюнча шайлоого 10 күн калганга чейин бюллетендер аймактарга жөнөтүлүшү зарыл. Бүгүндөн тартып бул иштер аткарыла баштайт”,- деди Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов.