Жаңылыктар
БШК Аравандагы мушташка байланыштуу тиешелүү талапкерлерди шайлоодон четтетти
Шайлоо 2023
БШК Аравандагы мушташка байланыштуу тиешелүү талапкерлерди шайлоодон четтетти

Борбордук шайлоо комиссиясы Араванда үгүт маалында келип чыккан мушташка байланыштуу талапкерлер Шүкүрулло Файзуллаев менен Илхом Маннановду шайлоодон четтетти. 

Мындай чечимди БШК 20-сентябрда, аталган аймакта үгүт иштери учурунда келип чыккан мушташ боюнча ИИМдин маалыматын уккандан кийин кабыл алды. Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, мушташ Маннанов жолду оңдоого жардам бергендиги тууралуу сөз сүйлөп жатканда келип чыккан. 

Айрым шайлоочулар нааразы болуп, жолду айыл өкмөттөрү куруп бергенин айтып чыгышкан. Анын кесепетинен пикир келишпестик жаралып, аягы мушташ менен бүткөн. БШКнын жыйынында жогорудагы эки талапкерди тизмеден четтетүү чечимин комиссиянын көпчүлүк мүчөлөрү колдоп беришти.