Жаңылыктар
Арктикалык мөңгүлөрдүн ээриши рекорддук деңгээлге жетти
Дүйнө
Арктикалык мөңгүлөрдүн ээриши рекорддук деңгээлге жетти

Жер шарынын түндүк уюл аймагында мөңгүлөрдүн ээриши рекорддук деңгээлге жетип, үч жарым миллион чарчы километрден ашты. Бул тууралуу АКШнын кар менен муздун акыбалына байкоо жүргүзгөн улуттук борбору билдирди. 

Адистер мындай көрсөткүч 42 жыл мурун катталганын аныкташты. Мөңгүлөрдүн эң көп ээриши Лаптев деңизинде жана Гренландия аралында катталган. Климаттын катаалдыгына карабастан, Арктика чөлкөмү эң назик экологиялык тутумдардын бири болуп саналат. Мөңгүлөрдүн азайышы жергиликтүү жаныбарларга, айрыкча ак аюулардын чөйрөсүнө кесепетин тийгизе турган өзгөрүүлөрдү алып келет. 

Орус эксперттеринин айтымында: "Түбөлүк муз жаткан Арктикада аба ырайы жылуу болгону ал жактагы ири сүт эмүүчү жаныбарлар коргоого муктаж эмес дегенди билдирбейт. Балким ошондон улам тукуму азайып, жок болуп кетиши да мүмкүн" - дешет эксперттер.