Жаңылыктар
Кыргыз жазуучуларынын чыгармалары Кытайдын “Дүйнөлүк адабият” журналына жарыяланды
Дүйнө
Кыргыз жазуучуларынын чыгармалары Кытайдын “Дүйнөлүк адабият” журналына жарыяланды

Кытайдын “Дүйнөлүк адабият” журналында белгилүү кыргыз жазуучуларынын чыгармалары кытай тилинде жарыяланды. 

Журналдын жаңы санында Чыңгыз Айтматовдун “Манас атанын ак кар, көк музу” аттуу публицистикасы, Мар Байжиевдин “Каракурт” чыгармасы жана Султан Раевдин “Ит жашоо” чыгармалары жарыяланган. Мындан тышкары, Пекин академиясынын профессору Ж.Турдунун "Кыргызстандын заманбап адабияттары", аттуу макаласы жарык көргөн.