Жаңылыктар
Таласта 160 орундуу оорукананын оңдоо иштери уланууда
Кыргызстан жаңылыктары
Таласта 160 орундуу оорукананын оңдоо иштери уланууда

Талас райондук  үй-бүлөлүк медицина борборунун реконструкциялоо иштерине мамлекеттик бюджеттен жана "Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөшүү" коомдук фонддун эсебинен 42 млн 500 миң сом каражат бөлүнгөн.

Талас районунун Көк-Ой айылындагы 160 орунга ылайыкташкан оорукананын оңдоп-түзөө иштери 2019-жылдын август айында башталган.

Учурда жылытуу тармагы жаңыланып, электртутумдары кайрадан жасалып, суу өткөрүүчү түтүктөрү жана канализация түтүктөрү, имараттын чатырын оңдоо жумуштары, эшик- терезелерди алмаштыруу иштери жасалып бүттү. 

Объектти толук кандуу суу менен камсыздоо максатында скважина казылып, сырткы суу түтүк тармактарын орнотуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.