Жаңылыктар
Туура тамактануу - ден соолук сакчысы
Ден соолук
Туура тамактануу - ден соолук сакчысы

Темир жетишсиздигинен улам, аз кандуулукка кабылган кош бойлуу жана жаш кыздар көп кездешүүдө. Анемия оорусу менен ооругандардын саны көбөйүүдө. Бул - организмге керектүү азык-заттардын жетишсиздигинен жана туура эмес тамактануудан улам болууда. 

Аз кандуулук аялдардын өлүмүнө дагы алып келет. Мындай маалымат тамактануу жана азык - түлүк коопсуздугу боюнча уюштурулган улуттук форумда айтылды. Медицина илимдеринин доктору Элмира Кабылованын айтымында, республикадагы 2 жашка чейинки балдардын 43 пайызы анемияга кабылган. 

Өзгөчө бул көрсөткүч Чүй жана Талас облустарында жогору. Эгер анемияны убагында дарылабаса, илдет балдарды өлүмгө дуушар кылат.


Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118