Жаңылыктар
Россия мигранттарга берилген жеңилдиктер мөөнөтүн 15-декабрга чейин узартты
Дүйнө
Россия мигранттарга берилген жеңилдиктер мөөнөтүн 15-декабрга чейин узартты

Россия мигранттарга берилген жеңилдиктер мөөнөтүн 15-декабрга дейре узартты. Тиешелүү жарлыкка Владимир Путин кол койду.

Алгач жеңилдиктер 15-марттан 15-июнга чейин, андан соң 15-сентябрга чейин узартылган болчу.

СОVID-19 илдетинин жайылуу коркунучунан улам аталган өлкө чет өлкөлүк жарандарга 18-апрелде чыккан жарлыкка ылайык, миграциялык мыйзамдарды бузгандыгы үчүн административдик чара көрүлбөйт.

Виза, патент, миграциялык каттоо жана ишке уруксат берчү документтердин убактысын узартуу талап кылынбайт жана мөөнөтү бүткөн документтер жокко чыгарылбайт. Муну менен катар, депортациялоо, миграциялык эрежелерди бузуу үчүн административдик жазага тартуу да токтоп турат. 

Ишке кабыл алууда миграциялык документтер талап кылынбайт. 

Расмий маалыматтар боюнча, 750 миңден ашуун кыргызстандык жаран Россияда эмгек миграциясында жүрүшөт.