Жаңылыктар
Өзбекстанда эл аралык туризмге коюлган чектөөлөр алынды
Дүйнө
Өзбекстанда эл аралык туризмге коюлган чектөөлөр алынды

Өзбекстанда 1-октябрдан тарта эл аралык туризмге коюлган чектөөлөр алынып салынды. Мындан ары туристтер карантинге кирүүгө мажбур эмес. 

Мындай чечим атайын республикалык комиссия тарабынан кабыл алынды. Өзбекстандагы туристтик компаниялар эми туристтик топторго саякат уюштура алышат. Саякатчы топ 15 адамдан көп эмес болушу керек. Ошол эле учурда, туристтик компаниялар келген туристтерден коронавирус боюнча ПЧР тесттин жыйынтыгын талап кылууга мажбур. 

Эгерде туристте ковиддин белгилери байкалса, анда ал өлкөнүн кире беришиндеги өткөрүү пунктунда өз эсебинен милдеттүү түрдө тестирлөөдөн өтүшү керек. Эгерде вирус тастыкталса, бейтап өз эсебине дарылануудан өтүп, андан кийин үйүнө кайтып келсе болот.