Жаңылыктар
Бүгүн академик Алмаз Алдашевди акыркы сапарга узатуу тажыясы болот
Кыргызстан жаңылыктары
Бүгүн академик Алмаз Алдашевди акыркы сапарга узатуу тажыясы болот

19-июнда Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти, биология илимдеринин доктору, профессор, академик Алмаз Абдулхаевич Алдашев дүйнө салды. Алмаз Алдашев 1953-жылы төрөлгөн. Ал 1977-жылы Пирогов атындагы Москва медициналык институтун аяктап, «биофизик» адистигине ээ болгон. 

Ошол эле жылы Москвада аспирантурага тапшырып, "биохимия" боюнча диссертацияны жактоо менен химия илимдеринин кандидаты болгон. 1999-жылы докторлук диссертациясын жактап, молекулярдык биология тармагынын профессору наамын алган. 2000-жылы Алдашев Кыргыз Улуттук Илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, 2006-жылы Улуттук илимдер академиясынын академиги болгон. 

Академик Алдашев Улуттук илимдер академиясында бир катар жооптуу кызматтарды аркалаган. Ал Илим жана технология боюнча мамлекеттик сыйлыктардын жана ардактуу наамдардын ээси эле. Академиктин жеке демилгеси алдында чет өлкөлүк алдыңкы илимий институттар менен алака түзүлгөн. 150дөн ашык илимий эмгеги алыскы жана жакынкы мамлекеттердин тилине которулуп, АКШ, Европа, Орусия өңдүү өлкөлөрдүн белгилүү басылмаларына жарыяланган. Алдашевдин жетекчилиги менен 12 кандидаттык жана 4 докторлук диссертация жакталган. Алмаз Абдулхаевичтин элеси түбөлүк сакталат. Акыркы сапарга узатуу тажыясы 21-июнда саат 10до Кыргыз улуттук опера жана балет театрында өтөт.