Жаңылыктар
Татымал жасап ишкерлик кылган таластык ишкер айым Асель Ашыралиева
Аймак
Татымал жасап ишкерлик кылган таластык ишкер айым Асель Ашыралиева

Ата мекендик өндүрүштү колдоо максатында Таластагы соода жайлар жергиликтүү өндүрүүчүлөргө көбүрөөк көңүл бура башташты. Бул багытта жыл башында өкмөт тарабынан токтом чыккан. Мындан улам таластык ишкерлер өндүргөн товарларын эч тоскоолдуксуз сатыка чыгарып, эл керектөөсүн орундатууда.

Кара-Ой айылындагы бул чакан ишканада помидордон татымал жасалат. Жаңы гана түптөлгөн ишканада жумушка кирген Айгерим Токтосунова, учурда иш ыргагы тынымсыз жүрүп жатканын айтат.

Ал эми илгери үмүт менен чакан ишканасын түптөгөн Асель Ашыралиева, алгач жөн гана үй шартында курбу курдаштарына помидордон татымал жасап берип жүргөн. Кийин тапшырыктар көп болуп, жылына 600 литрден кем эмес татымал жасоого туура келип калган. Мындан улам, ишкана ачып, өндүрүшкө белсенген.