Жаңылыктар
Талас облусунун Нылды айылында жаңы мектептин курулушу кандай жүрүп жатат?
Аймак
Талас облусунун Нылды айылында жаңы мектептин курулушу кандай жүрүп жатат?

Талас жергесиндеги Манас районунун Нылды айылында, окуучулар суук түшкөндө бардык шарты бар заманбап, жаңы мектепте билим ала баштайт. Курулуш компаниясы кылычын сүйрөгөн кыш кирип келгиче имаратты колдонууга берели деп күч-аракетин жумшап жаткан маалы. Жаңы мектептин курулушу кандай жүрүп жатат?

Район борборунан 45 чакырым алыс жайгашкан айыл элинин көптөн бери келе жаткан маселеси быйыл оң жагына чечилди. Араб фонду демөөрчүлүк кылып, мектеп куруп берүүгө каражат бөлүп, июнь айында курулуш иштери башталган. Усталар негизги оор деп саналган жумушту колдон чыгарган. Эми чатыры жабылса, ичин жасалгалоо иштери калат.

Ушул күнгө чейин иштеп келе жаткан билим уясы жарым кылым мурда курулуп, эскилиги жеткен. Полу чирип, имарат колдонууга жараксыз, кооптуу абал жаратат деп, учурунда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин чечими дагы чыккан. Курулуп жаткан мектеп 150 орунга ылайыкталган. Чакан айылда жалпы билим алган жаштардын саны 250гө барып, эки сменде билим алышат. Демөөрчүлүк кылган тарап эмеректеринен бери камсыздамакчы.

Нылды айылында миңге жетпеген жашоочу бар. Элет жеринде таза суу муктаждыгы чечилген, үй-бүлөлүк дарыгерлер иштейт. Мугалимдер окуучулар ден соолугу чың, терс сапаттардан оолак болсун деп алдыда дагы бир имаратты - спорт зал салуу жолдорун издеп жатканын билдиришти. Нылды айылында миңге жетпеген жашоочу бар. Элет жеринде таза суу муктаждыгы чечилген, үй-бүлөлүк дарыгерлер иштейт. Мугалимдер окуучулар ден соолугу чың, терс сапаттардан оолак болсун деп алдыда дагы бир имаратты - спорт зал салуу жолдорун издеп жатканын билдиришти.