Жаңылыктар
Россиялык туристтердин арбын келиши күтүлүүдө
Туризм
Россиялык туристтердин арбын келиши күтүлүүдө

 

Экономика жана бизнес жаатында дүйнөгө кеңири белгилүү Форбс журналынын Россиядагы номеринде 2016-жылы россиялыктарга эс алуу сунушталган 10 туристтик жайдын тизмеси жарыяланды. Тизмеде Кыргызстандын Ысык-Көл областынын Бостери айылы экинчи орунду ээледи. Адистер Кыргызстандын эс алуу жайларынын атактуу журналдын тизмесинде алдыңкы сапка чыгышы орус туристтеринин агымын көбөйтөт дешет. Орусиялык туристтердин Кыргызстанга келишине жергиликтүү тейлөөнүн жаңыланып жатышы да себеп болгонун белгилешет.

Аталган басылма Бостери айылында эс алыш үчүн бир россиялык туристке 68 700 рубль керектелерин эсептеп чыккан. Бул суммага учактын баасы жана пансионатта жашоонун наркы эсептелген.

"Ысык-Көл ден соолуктун булагы, анткени минералдык суулар менен дары баткактарга бай. Бирок Бостеринин санаторийлеринен тышкары, мисалы тоого экскурцияга чыгууга болот 1700 рубль, экстрим керек болсо трекинг, альпинизм менен алектенип, дарыяларда сүзүүгө же көлдөгү яхталарга түшүүгө болот",-деп жазат Форбс.

Бозулан Ысаков, “Биринчи радио”