Жаңылыктар
Москвадагы кырсыктан жабыркагандардын айрымдарынын абалы оор бойдон калууда
Кыргызстан жаңылыктары
Москвадагы кырсыктан жабыркагандардын айрымдарынын абалы оор бойдон калууда

Логистикалык компания жабыр тарткан кыргызстандыктарга материалдык жардам көрсөтөт. Мындан сырткары, медициналык жактан камсыздандырууга дагы даяр. Эске сала кетсек, кечээ эрте менен “FM Logistic” компаниясынын аймагында темир жер өтмөгү кулап түшүп, 50дөн ашык кыргызстандык жаракат алган. Ишкана Москва облусуна караштуу Ступино айылында жайгашкан.

Кырсык 27-сентябрь эрте менен Ступино айылында болгон. “FM Logistic” компаниясынын кампа комплексинин аймагында темир жер өтмөгү кулап түшүп, 51 адам жаракат алды. Медицина кызматкерлери алардын кол-буттары сынганын кабарлады. Оор абалдагы 4 жаранды тез жардам тик учмасы менен жакын жердеги ооруканага жеткиришкен.

24 жаштагы мекендешибиздин мээсине кан куюлуп кеткен. Домодедово ооруканасынын дарыгерлери ага баш сөөккө трепанация же сөөктү тешип көңдөйүн ачуу операциясын жасашкан. Анын абалы оор бойдон калууда. Экөөсү баш мээсинен жабыркап, бир кыз ич көңдөйүнөн жаракат алып, ага да операция жасалды. 30га жакын адам Ступино райондук ооруканасынан текшерүүдөн өтүп, көпчүлүгү жаткырылды.

Кырсыктан жаракат алгандардын бары кыргызстандыктар. Алар таңгактоочу болуп иштеп жүргөн. Жарандарды “Спектр” кадрдык агенттиги жалдап, “FM Logistic” компаниясында кызмат көрсөтүп жатышкан. Кырсык болгон учурда ал жерде 160 адам болгон. Каргашалуу темир өтмөк, түнкү нөөмөттөгүлөр жумушун аяктап кетип баратканда кулаган. Алдын ала маалыматтарга караганда, өтмөктөн белгиленгенден көп киши бир маалда өткөндүктөн кулап түшкөн. Прокуратура тиешелүү текшерүүлөрдү жүргүзүп, себеби аныкталат.

Кырсык болгон жерге элчиликтин кызматкерлери, Ички иштер министрлиги менен Кыргызстандын миграция кызматынын өкүлдөрү барды. Дипломаттардын “FM LOGISTIC” компаниясынын жетекчилиги менен болгон сүйлөшүүсүнөн кийин, ишкана тарабынан жабыр тарткандарга материалдык жардам көрсөтүлүп, медициналык жактан камсыздандырыла турганы белгилүү болду.

Элчиликтин кеңешчиси Алмаз Букалаев мындан сырткары, прокуратура, иликтөө комитети жана Москва облустук ички иштер башкармалыгынын өкүлдөрү менен да сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Ал кырсык тыкыр иликтенип, күнөлүүлөр жазаланышы керектигин айткан. Мамлекеттик эмгек инспекциясы дагы бул ишке кызыгуусун билдирди. Өз кезегинде Москва облусунун жетекчилиги кырсыктан жапа чеккендерге ар тараптуу жардам берүүгө даяр.