60 миңдей эл жашаган Ош шаарынын Амир-Тимур аймактык башкармалыгында спорт аянтчасы ишке кирди. Жергиликтүү тургун, жеке менчигиндеги тамактанчу имаратын айыл муктаждыгына өткөрүп берген. Эми мында, айылдын балдары спорттук көндүмдөрдү жасоо менен бирге ар кандай мелдештерди өткөрө алышат. Балдар арасында спорттун бокс түрүнө кызыккандардын көптүгүнө байланыштуу, машыктыруучулар ушул ыкмага басым жасайт. Аларды, чет өлкөдө окуп келген тажрыйбалуу, жергиликтүү тренер машыктырат.
"Түркия, Австралияга чейин барып, тажырыйба топтоп келдим, эми ушул үйрөнгөн билимимди айыл жаштары менен бөлүшсөм деп, мында ишке орноштум. Буйруса, өлкө намысын коргогон спорт чеберлери чыгат деген үмүттөмүн",- деди Ош шаарынын тургуну, машыктыруучу Алым Абдуллаев.