Жаңылыктар
Кыргыз учактары Евробиримдиктин кара тизмесине кирди
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргыз учактары Евробиримдиктин кара тизмесине кирди

 

Кыргызстандагы авиакомпаниялар кайрадан Евробиримдиктин  жаңыланган кара тизмесине кирди. Бул тууралуу Еврокомиссиянын расмий сайты жарыялады. Маалыматта, тизмеге кирген бардык авиакомпаниялар, коопсуздук талаптарына жооп бербегендигинен  Евробиримдиктин аймагында жүрүүгө чектөө киргизилип, аларга тыюу салынары айтылат. Ал эми Кыргызстандын жарандык авиациясы бул тизмеден чыгуу үчүн  талапка ылайык  документтерди даярдап жаткандыгын айтууда. Жарандык авиациясынын маалыматтарына ылайык Кыргызстан ИКАОнун аудитинин  нормаларын тапшыргандан кийин гана кара тизмеден чыгат.  Мындан кийин гана ата мекендик авиакомпаниялар Европа Кеңешинин аймагында ишмердүүлүгүн жүргүзө  алат дешет адистер.  

Г. Усенова, “Биринчи радио”