Бишкек шаарында 18-сентябрдан 24-сентябрга чейин 6619 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды. Бул туралуу Патрулдук милициянын басма сөз кызматы маалымдады.
Алардан:
- мас абалында унаа башкарган 91 айдоочу;
- алдыңкы жана маңдайкы айнектери караңгылатылган 25 унаа;
- 109 күбөлүгү жок айдоочу;
- 6394 - башка мыйзам бузуулар.
Ошондой эле, айып аянтчасына 559 унаа токтотулуп, анын ичинен 242 адам эвакуацияланган.