Жаңылыктар
Коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегия бекитилди
Коррупция
Коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегия бекитилди

2021-2024-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү жана анын себептерин жоюу боюнча мамлекеттик стратегия бекитилди. Тиешелүү жарлыкка Президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. 

Жарлыкка ылайык, 2021-2024-жылдарга Кыргызстанда коррупцияга каршы аракеттенүү жана анын себептерин жоюу боюнча мамлекеттик стратегия бекитилет. Өкмөт Жогорку Кеңеш жана тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргелешип Стратегияны ишке ашырууга багытталган ченемдик-укуктук актыларды иштеп чыгат жана кабыл алууну сунуштайт. Өкмөткө, Жогорку Сотко, Башкы прокуратурага жана башка мамлекеттик органдарга, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына Стратегияны ишке ашыруунун алкагында кыска мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү мезгилдерге коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча иш-чаралардын деталдуу пландарын эки жумалык мөөнөттө иштеп чыгуу сунушталат. 

Өкмөткө ишке тартылган мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан антикоррупциялык пландардын өз убагында жана толук аткарылышын туруктуу негизде координациялоо жана мониторинг жүргүзүп туруу сунушталат.