Жаңылыктар
Тажикстан: Согди облусунда соода жарманкеси өттү
Экономика
Тажикстан: Согди облусунда соода жарманкеси өттү

Тажикстандын Согди облусунда Эл аралык соода жарманкеси болуп өттү. Ага Кыргызстан, Тажикстан, Казакстан, Орусия, Белорусия мамлекеттеринен ишкерлер катышты. 3-ирээт өтүп жаткан бул иш-чарага Кыргызстандан 50дөй ишкер барып, бизнестерди өнүктүрүү боюнча келишимдерди түзүштү. 

Эл аралык жарманке башталганда эле Согди облусунун губартору Абдурахмон Кодири конокторду жылуу тосуп алды.

Ош шаарында мындан 3 жыл башта “Тур Текстил” деп аталган ишкана ачылган. Анын жетекчиси Давлес Рустамов Тажикстандын Согди облусунда өтүп жаткан Эл аралык жарманкеге келип, өнөктөш издеп жүрөт.

Кыргызстандан барган ишкерлер жарманкеде сунушталган өнөр жай продукциялар менен таанышып жатышты. Аны менен кошо өнөктөштөр иштеп жаткан тармак боюнча Кыргызстанда кандай иштесе болоорун изилдешти. “Нарын эркин экономикалык аймагынын” башкы директору Гүлзат Абдурасулова өлкөдөгү Түндүк-Түштүк альтернативалуу жолунун пайдаланууга берилиши менен кошуна мамлекеттерге соода-сатык ишмердүүлүктү жандантырууга чоң мүмкүнчүлүк жаралып жатканын айтып, алдын ала пландоо иштерин жүргүзүп жатканын айтат.

Тажикстан мындай иш-чараларды акыркы 3 жылда көбөйткөн. Үчүнчү ирээт өткөрүлүп жаткан жарманкеде отуздан ашык келишимдер түзүлдү. Жалпылап айтканда, товар алмашууда бир эле Азия менен чектелбей, дүйнөлүк базарга да өнөктөштөр аркылуу чыгууга мүмкүнчүлүк жаралды.

Асанбек Пазыл, “Биринчи  радио”, Тажикстан, Согди облусу