Жаңылыктар
Улуттук банк 20 млн го чукул доллар сатыкка койду
Экономика
Улуттук банк 20 млн го чукул доллар сатыкка койду

Улуттук банк сентябрь айындагы үчүнчү интервенцияны жасады. Банк 25-сентябрда валюта рыногуна 19,6 миллион доллар сатыкка чыгарды.

Аталган мекеме 23-сентябрда 11,2 миллион доллар, 9-сентябрда 6 млн 600 миң долларды сатыкка чыгарган.

Учурда доллардын курсу кымбаттап, сомдун курсунун туруктуулугун сактоо үчүн интервенция жасоодо.

Кыргызстанда  доллардын курсу быйыл март айынан баштап көтөрүлгөн.

28-сентябрга карата Улуттук банктын расмий курсу 79 сом 49 тыйын деп белгиленди.

Бишкектеги акча алмаштыруу жайларында 1 доллар 80 сомго чейин чыгууда.