Жаңылыктар
Тоолуу Карабахта кырдаал курчуду. Баку жана Ереван өлкө аймактарында аскердик абал киргизди
Дүйнө
Тоолуу Карабахта кырдаал курчуду.  Баку жана Ереван өлкө аймактарында аскердик абал киргизди

Күндүн негизги темаларынын бири бул тоолуу Карабахтагы абалдын курчуп кетиши. Мындан улам Баку жана Ереван өлкө аймактарында аскердик абал киргизди. Интерфакс басылмасы Азербайджандын коргоо министрлиги бүгүн таңга маал армян аскерлери азербайджандын Тертер шаарын аткылаганын билдирди. 

Ошондой эле Баку, азербайжандын куралдуу күчтөрү душмандын согуштук аракеттерин алдын алуу үчүн армян тараптын эки танкасын жок кылганын билдирет. 28-сентябрь азербайжандын бийлиги өлкөнүн бардык аймактарында аскердик абал киргизген. Ошол эле учурда өлкөнүн бир катар шаарларында жана райондорунда, анын ичинде Бакуда коменданттык саат киргизилди. Ал эртең мененки 9дан баштап кечки саат 6га чейин чектөө коюлат. 

DW.com сайтынын маалыматы боюнча, таанылбаган Тоолуу-Карабах республикасынын коргоо министрлигинин билдирүүсүнө ылайык, чыр-чатактан улам аталган өлкөнүн 31 аскер кызматы көз жумган. 28-сентябрь күнү эрте менен коргоо министрлиги дагы каза болгон 15 кишинин тизмесин жарыялады. 

Азербайжан менен болгон куралдуу кагылышуудан дээрлик жүздөгөн адам жарадар болгону белгиленет. Ал арада Евробиримдик менен Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму жана бир катар мамлекет башчылары Тоолуу Карабахтагы ок атышууну токтотууну талап кылышканы маалымдалды.