Жаңылыктар
Кайыргүл Сартбаеванын 80 жылдык мааракеси белгиленди
Маданият
Кайыргүл Сартбаеванын 80 жылдык мааракеси белгиленди

Тарых жана маданият жылында дагы бир саамалык. Кыргыз Республикасынын Эл артисти Кайыргүл Сартбаеванын 80 жылдык мааракеси Опера жана балет театрында белгиленди. Салтанаттуу аземге катышкандар алтын үндүн ээсин куттуктап, кыргыз искусствосундагы орду жогору экенин белгилешти.

80 жашка чыкканына карабай опера жылдызы Кайыргүл Сартбаеваны бүгүн да сахнадан көрүүгө болот. Карылыкка моюн сунбаган инсан үнү, келбети, кыймыл аракети менен жаштардан айырмаланбайт. Салтанаттуу аземге катышкандар анын бул артыкчылыгын баса белгилешти. Мамлекет башчынын, премьер-министрдин куттуктоо каттары окулуп, анда маараке ээсинин кыргыз маданиятына кошкон салымы жогору экени айтылды. Мындай пикирлерге экс-президент Роза Отунбаева да кошулат. Кайыргүл Сартбаевасыз кыргыз опера дүйнөсүнүн келечеги кандай болот деп кооптонгон мурдагы мамлекет башчысы, корифейди өнөрдү таштабоого чакырды.

Кайыргүл Сартбаева 1936-жылы 20-июнда Кемин районуна караштуу Крабулак айылында төрөлгөн. Алтын үндүү таланттын сахнадагы ишмердүүлүгү 60 жылга таяп баратат. Бир катар алдыңкы чыгармалардагы каармандардын образдарын үнү менен жеткирүүгө жетишкен. Кайыргүл Сартбаева кыдырып, өнөрүн көрсөткөн өлкөлөрдү бирден саноонун кажети жок. Ал “Курманбектеги” Айганыш, кыргыздын Магаритасы, Дездемонасы.  Дал ушул ролдору менен дүйнөнүнү багындырууга жетишкен.

Калыгул Асамбаев, “Биринчи радио”