Жаңылыктар
Талас - Тараз - Суусамыр жолу ачыла элек
Өзгөчө кырдаал
Талас - Тараз - Суусамыр жолу ачыла элек

Талас - Тараз - Суусамыр жолу ачыла элек. Акыркы эки күндөн берки жаандан улам «Урмарал» суусу көтөрүлүп, анын кесепетинен Кызыл-Сай көпүрөсү керектен чыккан. Учурда көпүрөнүн эки башы бекемделип, суу менен агып келип үюлүп калган тал теректер тазаланып жатат.

Ага кошумча суунун нугун буруу үчүн арык казылып, бетон суу куурлары орнотулууда. Ал эми автоунаалар Бакай-Ата - Калинин жолу аркылуу 37 чакырым аралыкты айланып өтүүдө. Адистер көпүрөнүн ремонт иштери 22-июнга чейин уланат дешет. 

Бирок андан кийин да Кызыл-Сай көпүрөсү аркылуу убактылуу жеңил унаалар гана өткөнгө уруксат берилет. Ал эми жүк ташуучу оор унаалар Бакай-Ата - Калинин жолу менен айланып өтүүшү керек.


Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118