Жаңылыктар
Экономика министрлигине караштуу банкроттук иштер боюнча Департаментинин кызматкери пара берип жатканда кармалды
Коррупция
Экономика министрлигине караштуу банкроттук иштер боюнча Департаментинин кызматкери пара берип жатканда кармалды

2020-жылдын 29-сентябрында Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин коррупцияга каршы күрөшүү боюнча чечимин аткаруунун негизинде, Кыргыз Республикасынын УКМК ККК кызматтык бөлмөсүнөн кызматтагы адамга 100 миң сом өлчөмүндө пара берип жаткан учурунда Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Банкроттук иштер боюнча Департаментинин директорунун орун басары «Б.Э.А.» кармалды.

Такталгандай, кармалган адам банкроттук уюмдардын активдерин төмөн баада алуу үчүн туруктуу коррупциялык схема түзүп алган. Департаменттин атайын администратору ишкананын активинин наркын төмөндөтүү боюнча мыйзамсыз иш-аракеттерге катышуудан баш тарткандан кийин, анын функцияларын көзөмөлгө алынган кызматкерге өткөрүп берүү максатында ага карата банкроттук жол-жобону киргизүүгө, акыркы ишканалардын биринин атайын администрациясынын ыйгарым укуктарын өз ыктыяры менен кетирүү үчүн көрсөтүлгөн каражаттарды сунуштаган.

Мындан сырткары, кармалган «Б.Э.А.»  кызматтык бөлмөсүнө тинтүү жүргүзүлгөн учурда  1 миллион 331 миң 300 сом өлчөмүндөгү акча каражаты табылып алынып, ал акча каражаттарынын кайдан келгендиги аныкталып жатат.

Сотко чейинки өндүрүштүк материалдар Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 328-беренеси (Пара берүү) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Кармалган адам Кыргыз Республикасынын УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.