Жаңылыктар
Шайлоо - 2020. Лидерлер теледебаты - 20:00 / ТҮЗ ЭФИР (30.09.2020)
Шайлоо 2023
Шайлоо - 2020. Лидерлер теледебаты - 20:00 / ТҮЗ ЭФИР (30.09.2020)

Теледебаттарга WhatsApp  аркылуу суроо жөнөтүүдө төмөнкү эрежелерди сактаңыз!!!

Адамдын кадыр-баркына шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн суроолор жарыяланбайт.

Жогорудагы эрежелер сакталбаса, сурооңуз сайтка чыкпайт. 

Сайтка жарыяланган суроолордун маани-маңызына жана тексттеги каталарга КТРК сайты жооптуу эмес.

Внимание! Прежде чем задать вопрос политическим партиям соблюдайте следующие правила:  

Не цензурная лексика, вопросы агитационного характера, провокационные, порочащие честь и достоинство вопросы  публиковаться не будут!   Соблюдайте правила и ваши вопросы с ответами кандидатов будут опубликованы на сайте КТРК.

Редакция сайта не несет ответственности за ошибки, пунктуацию и  содержание ответов!


WhatsApp суроо - жооптордун 2- бөлүгүнө  өтүү үчүн бул жерди басыңыз.

Баардык партияларга: Чара маселесин Баткендеги кайсы партия канча убакытта чечет? 0708 178 0ХХ

“Бир Бол” катары согушпай соода жүргүзөбүз деген максат менен биринчиден коншу өлкөлөр менен түз мамиле түзүүгө өтөбүз.Баткен эркин соода айиагына айлануусу керек.

“Ыйман Нуру”: Чек ара меселесин чечүүдө биздин партия эң негизги басымды ошол жакта жашап жаткан элдин жашоо деңгелине, экономикалык өсүшүнө жана инфраструктурасына көңү бурат. Региондордун жашоо стандартарынын деңгээлин көтөрү үчүн мамлекттик акча ресурстарын адилеттүү бөлүштүрүүгө басым жасалат.

“Кыргызстан”: Бул маанилуу маселени коншу мамлекет менен биргеликте 1-2 жылда чечууго мумкун болот. Ага эрк жана чечкиндуу кадамдарга юарыш керек.

Баардык партияларга: Урматтуу кандидаттар!Депутаттын кол тийбестигине кандай карайсыздар?Озулору чыгарган мыйзамга баш ийбей жооп керчилике тартылбай калышат экен. 0707362 3ХХ

“Бир Бол”: эл өкүлүнүн кол тийбестиги алынышы керек. 

“Мекен Ынтымагы”: Депутаттарда кол тийбестик болбошу керек. Кыргыз Республикасынын Контитуциясында, баардыгы мыйзам жана сот алдында бирдей деген норма бар.

“Кыргызстан”: Жогорку кенештеги айтылган создорду учун жоопко тартылбаш керек. Калган иш аракеттери учун жооп бериш керек.

“Ыйман Нуру”: Азыркы учурдагы Жогорку Кеңештин регламентинде депутатты жоопко тартуу каралган, ага карабастан депутат иштеп жазып жаткан мыйзам долбоорлордун сапаты төмөн, ошону үчүн депутаттын мыйзам долбоорлордун сапатына байланыштуу баалоо чараларын регламентке киргизебиз.

“Республика”: Депутатта кол тийбестик болбош керек. Алар катардагы эле жараандар менен укуктары тең болуш керек

Эгерде бир максат менен бара жатсанар эмнеге биргелешип программа түзүп иш алып барбайсынар?Рахмат. 777 366 6ХХ

“Кыргызстан”: Жогорку Кенешке барганда чоугулуп бирге эл учун иш алып барганга даярбыз.

"Бир Бол”: “ Бирбол катары бир максат бир баалулук тегерегинде жаратман билимдүү,эларалык тажрыйбага ээ команда бириктик.

Вопрос для ПП Республика. Могут ли инициировать закон новый состав ЖК: 1. уголовную ответственность Премьер-министра за не исполнение своей программы перед назначением. 2. Уноловную тветственность следователей за не законное возбуждение уголовного дела в отношении прдозреваемых, так как за период не зависимости КР не было ниодного прицидента такого рода. Актуальный вопрос, задайте лидерам пжл 0554 959 537

“Республика”:  Вопрос ответственности в том или ином виде должен быть рассмотрен безусловно. В нашей стране это одна из главных проблем, никто не несет ответственности за принятые решения. Это одна из главных пунктов нашей программы, одно лицо должно отвечать за всю работу Правительства. Ответственность за незаконное возбуждение уголовного дела уже есть, вопрос в том что нужно контролировать соблюдение действуюших законов.

Саламатзырдарбы! Статистика боюнча мугалимдерди,врачтардын мектеп тех персоналдардын айлыгын койбойду деп отчёт берилет.Бирок тех персоналдардын акчасы койбойтулгон жок эмне себептен жооп берип коёсуздарбы? 0700 139 5ХХ

“Ыйман Нуру”: Мунун себеби өлкөнүн бюджетинин киреше мүмкүнчүлүгүнө байланыштуу жана ал түшкөн акчаны адилетсизик түрдө бөлүштүрүү себеп болууда. Биздин партинянын программасынын негизинде адилетүү бөлүштүрүү жатат, бул ыкма менен бюджетке түшө турган киреше бөлүгүн көбөйтөбүз жана аны айлык акыларды көбөйтүүгө жумшайбыз.

"Республика": Мунун баардыгы экономикабызга байланыштуу, бюджетибизде каражат жетиштүүболбосо айлыктарды көтөрүш кыйын. Бизде экономикабыздын 39% көмүскөдө, салык төлөнбөйт. Биз салык системабызды реформалап, бул агымдарды ачыка чыгарганда бюджетибиз толуп айлыктарды жана башка төлөмдөрдү көбөйтө алабыз.

Бир бол партиясына суроо жалпы эле партиясына бул суроо онуктуробуз дейт анан шайлоодон кийин карантин болсо кандайча иш жургузушот тушундуруп берсин ошону 0700 5190ХХ

“Бир Бол”: Биздин экономика дагы бир карантинди көтөрөалбайт, башка таасирдүү ыкмалар колдонуу керек. Биздин сунушубуз бар бул боюнча.

Кыргызстан партиясына: Бала төрөлгөндө берилүүчү сүйүнчү пулду 50 000 сом деп убада кылдыңар эле. Бул убада шайлоо учурунда эле болгондо да бир эле адамга берилет экен да. Мындан ары бересиңерби? 705 911 1ХХ

“Кыргызстан”: Биздин берген убаданы депутаттард иш алып барып Өкмөтт 4000 сомго макул болушкан. Эгерде Кыргызстан саясий партиясы Өкмөттү жетектесе 50000 сомго жеткизмек. Тилеке каршы Өкмөт толук кандуу иш алып бара алган жок.

Баарына суроо: Кыргызстан Россияга кошулушу тууралуу ой, пикириңизди ачык айтып бересиздерби. ( Бардык партияларга суроо) 0777 181 9ХХ

“Кыргызстан”: Биздин суверинитетти сакташыбыз керек. Биз такыр каршыбыз.

Эгер парламенттке өтүп калсаңар бир жолу депутат болгон адам экинчи жолу депутат боло албайт деген мыйзамды кабыл ала аласыңарбы 755 777 9ХХ

“Бир Бол”: 3-жолу болуусуна чектөө койсо болот, кеебир өлкөлөрдө ушундай.

“Республика”: Бизге люстрация керек, бирок бул жолу менен эмес. Ким депутат болот, болбойт аны эл чечиш керек.

“Мекен Ынтымагы”: Депутат экинчи жолу депутат боло албайт деген норма аракеттеги мыйзамдардын негизинде адам укугун чектөө болуп калат. Бирок шайлоо учурунда убадасын аткарбаса кандайдыр бир жоопкерчиликке тарттууга мыйзам долбоорун иштесе болот.

"Ыйман Нуру": Эгерде ал депутат сапатсыз жана натыйжасыз иштесе анда ооба бул демилгени колдойбуз.

Кыргызстан партиясына суроо: кайсы күчтүү сапаты үчүн саясый рейтинги учурда төмөн болгон Тазабек Икрамовду жана Дастан Артисбековичти тизмениздерге коштунуздар? 778 288 8ХХ

“Кыргызстан”: Ар бир талапкердин өз жеринде өзүнүн кадыр баркы бар. Кыргыз тилин так билгени үчүн жана ар бир талапкер өз ишинде тыянак чыгарышат.

Кыргызстан, Бир бол, Республика партиялары ар бир шайлоодо катышасынар, бирок элдин жашоосуна олуттуу өзгөрүү киргизе алган жоксуңар. Дагы аткарылбай калып, алдында уят болом деген сезим ойлондурабы? 707 317 6ХХ

“Республика”: Республика партиясы салыштырмалуу өзүнүн программаларын аткарып турган. Мисаалы биз 2010 жылы коопсуз шаар, камералар, ипотека жана башкалар боюнча сөз кылганда ишенбегендер да кө болгон. Бирок убакыт көрсөттү ошол учурда көтөрүлгөн идеялар мезгилдин талабына жооп берген жана иш жүзүнө ашкан.

"Бир Бол": Биз ушул себептен 97% жаныланып, тышта билим алган команда менен бирге баражатабыз. Мурдагылар менен ишке ашпай турганына көзүбүз жетти. Башкаларды да ушул кадамга чакырабыз, тышта жүргөн миңдеген мекендештер бар, башка экономикага пайда алып келип, аларды саясатка тарткыла.

"Кыргызстан": биздин береген убадаларды толук актарууга Өкмөттү жетектегенде аткаралабыз.

Бардык талапкерлерге суроом: томонку пайыз менен насыяларды бергенче элдин жашоо дэнгелин насыялары жок эле жогорку дэнгелге жеткизип эл озу каалаган уй оокат автоунааларды ж. б.тиричилик буйумдарын алганга мумкунчулугу жетет? 0700 027 2ХХ

“Ыйман Нуру”: Төмөнкү пайыз менен же пайызы жок башка альтернативдик акча каражаттарын тартуу ыкмалары биздин бизнес үчүн керек, туура элибиз колдон келсе кредитке кызыкпай өзүнүн акча каражаттары менен жашоо шартын өнүктүрсө болот, аны үчүн биздин партия Финансылык сабаттуулук боюнча улуттук программа кабыл алабыз.

Баардык партияга: Энергетиканы өнүктүрүш үчүн тарифти көтөрүш керек. Кыргызстанда тариф эн арзан. Шамал, Кун, гидроэлектростацияларды куруш керек деп атат кээ бир партиялар. Андай болсо партия тарифти көтөрүш үчүн учун макулбу? 557 091 0ХХ

“Республика”: Бүгүнкү экономикалык реалдуулукта тарифти көтөрүү мүмкүн эмес, эл көтөрө албайт.

Ассалам алейкум урматтуу дебаттын катышуулар сиздерге сунуш тушсо маяна албай иштоо десе колдойт беленер бул суронуу копчулук кутуп жатабыз 0550 071 2ХХ

“Мекен Ынтымагы”: Парламентке буюрса келсек айлык маянанын көлөмү боюнча демилге көтөрүүгө даярбыз. Мисалы мыйзам жазбаган депутаттарга жыйындарга катышпаган депутаттардын айлыгын токтотуу.

Трайбализм маселесин кантип чечесиз? 703 770 0ХХ

“Ыйман Нуру”: Меритократия принцибин кармануу менен. Бул деген жумушчу кадрлардын кесипкөйлүгүнүн негизинде гана дайындоо жана карьерасын жасоо болуп саналат.

Баардык партияларга: Россия жарандыгын алган Кыргызстандыктардын өтө чоң көйгөйү бул кош жарандуулукту алуу, ушул көйгөйдү чечип бере аласыздарбы? Кантип? 778 819 8ХХ

“Кыргызстан”: Биздин мыйзамдарда кош жарандуулукка бөгөт жок.

Мекен Ынтымагы коррупцияны кантип жоёсунар? 700 145 9ХХ

“Мекен Ынтымагы”: Коррупцияны жоюга саясий эрк керек. Жана бул тармактагы укуктук ченем актылардын баардыгын кайрадан иштеп чыгышыбыз керек. Корупция боюнча айыпталган адамдардын жазасын катуулатуу керек. Жана акыркысы баардын тармактарда так регламент иштеши керек.

Республика партиясына: Силер 15 жылдан бери 3 пайыз кредит беребиз деп элге айтып келесинер? Натыйжа кайда? 0779 921 2ХХ

“Республика”: Биздин партиябыз биринчи жоолу шайлоого 2010 жылы катышкан, 10 жыл болду. 3% кредит беребиз деген сунуш бул быйыл гана айтылды. Орто жана чакан бизнеске пандемиядан кийин колдоо ирээтинде биз жеңилдетилген насыя берели деп.

Шайланып калсанар, бир жылда озгоруулор болбосо, же кийинки шайлоого жылыш жок барсанар, саясаттан биротоло кете аласынарбы? Ушул дебаттан кетем деп элге ант бере аласынарбы? 0707 194 9ХХ

“Ыйман Нуру”: Бул маселеде акыркы чекитти эл өзүнүн тандоосу аркылуу койот, эгер партия Жогорку Кеңеште начар иштесе анда ал партияны шайлабай кийинки чакырылшка киргизбей койсоңуз болот. Биз элдин ишенимин толук актаганга болгон күч аракетибизди жумшайбыз.

Ыйман нуру партиясына силер парламентке барсанар мектептерде дин таануу сабагын окутууга кучунор жетеби? 0702 5225ХХ

“Бир Бол”: БирБол катары дин тарыхы сабагын сунуштайбыз. Мамлекет балага дин маселесинде туура фундамент бериш керек, болбосо радикалдашуу коркунучу бар. Имамдар да жогорку билимдүү мамлекет тарабынан айлык алган мам. кызматкер болуусу керек Түркиядагыдай.

Ыйман нуру партиясына силер парламентке барсанар мектептерде дин таануу сабагын окутууга кучунор жетеби? 0702 5225ХХ

“Ыйман Нуру”: Бул маселени биз карап чыгууга даярбыз, бирок бул маселе биздин улуттук баалуулуктар жана салтарыбыздын гана негизинде каралыш керек.

Айтыңыздарчы ушул учурга чейин, агитация үчүн кайсы партия канча акча коротту? Ал каражат кайдан келди. Пандемия учурунда эл үчүн кандай жардам көрсөттүнөр? Санкт Петербург шаарынан Калысбек +7 925 796-86-ХХ

“Мекен Ынтымагы”: Агитация жана башка партиялардын чыгымдары Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтында көрсөтүлүп турат. "Мекен-Ынтымагы" саясий партиясынын чыгымдары партиянын мүчөлөрү тарабынан чогултулган. Баардык партияларга салыштырмалуу минималдуу.

Бишкекке мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга мектеп ачып жана башка жеңилдиктерди кылып бере аласыңарбы? 706 068 6ХХ

“Бир Бол”: Баардык мектептер буга ылайык болуш керек, мүмкүнчүлүгү чектелген балдар башка курбулары менен бирдей класстарда, бирге окушу керек. Мектептерди аларга ылайыкташтыруу маанилүү.

Республика партиясына: эгерде депутат болуп калсаныз депутаттардын айлыгын кыскартып же болбосо айлыгы жок иштеп бергенге маселе которбойсузбу? 0700 297 4ХХ

“Республика”: Парламентке катардагы билимдүү жарандар да өткүдөй система курушубуз керек, жалаң гана байлар эмес. Эгерде алар күнү түнү иштеп атышса татыктуу маяналар менен камсыз болушу керек. Бул врач, мугалим сыяктуу эле кызмат катары кабыл алышыбыз керек. Депутат деген жаңы бай манап эмес, кызматкер деп түшүнүшүбүз керек

Айтыңыздарчы ушул учурга чейин, агитация үчүн кайсы партия канча акча коротту? Ал каражат кайдан келди. Пандемия учурунда эл үчүн кандай жардам көрсөттүнөр? Санкт Петербург шаарынан Калысбек +7 925 796-86-ХХ

“Кыргызстан”: Биздин талапкерлер пандемия учурунда элге жардам берип жүрүштү. Айткандай кайрымдуулукту көргөзбөй жазаш керек. Азыркы күндө 88 млн сом сарпталды шайлоого. Ал каражат талапкерлердин жана колдоочулардын каражаттары.

Ыйман нуру партиясына: Эмне үчүн Нуржигит мырза карындашыныз менен экибашка партияда бара жатасыңар? 705 911 1ХХ

“Ыйман Нуру”: Ар бир адам өзүнүн жеке ойун ишке ашырууга укугу бар, мамлекеттин өнүгүшүнө салым кошууга укугу бар. Өзүнүн саясий көз карашынын негизинде партияны тандап аны менен шайлоого баруу укугу да бар, ошо укук мене колдонуп жатышат.

Этникалык кыргыздарга кандай жардам көрсөтө аласыңар? Мургабдагы кыргыздарды өз мекенине алып келүү жолу программаларыңда каралганбы? 557 477 4ХХ

“Бир Бол”: Мургаб байыркы Кыргыз жери, алардын ал жактагы шарттарын жакшыртуу боюнча коншулар менен жогорку денгеелдеги иш алып баруу керек. Эрк жана Көрөгөчтүк талап кылат.

“Ыйман Нуру”: Эң биринчиден бул инсандарга биздин өлкөдөгү жагдайга адаптация (көнү) процесстерин уюштуруу абзел, алар биздин коомдогу маданиятка, тартипке, салтарга жана башка ушул сыяктуу нерселерге көнүш керек анан гана аларга жумуш орундарын түзү, социалдык кам көрү каралыш керек.

“Кыргызстан”: Албетте колдойбуз. Мыйзамды кабыл алынганда Кыргызстан саясий партиясы толук колдогон. Программадан ал маселе дагы камтылган. Рахмат.

Саламатсызбы менин суроом "Республика"партиясына. Кыргызстанда мугалим менен врачтарга арзандатуу кридит жана ипотека менен үй алганга мүмкүнчүлүк деп сайрап келесинер эмне Кыргызстанда бир эле мугалим менен Врачтар эле иштейби? Менин суроом ошол эле больницада 30 же 40 жыл же болбосо ошол эле мектепте 35 же 40жылдан бери пол жууп иштегендерге кандай ипотека менен үй алганга мүмкүнчүлүк түзүп бере аласыздар? 0779 168 5ХХ

“Республика”: Биздин көтөргөн программалар менен бүгүнкү күндө мамлекеттик программа иштеп атат. Биздин бул ирээт сунуш кылганыбыз пайыздарды дагы түшүрүшүбүз керек деп атабыз. Врачтар жана мугалимдер бул биринчи программада каралган категория андан кийин калган кызматкерлерге да сунуштайбыз

Мекен ынтымагы: Парламентке барсаныздар биринчи жумушту эмнеден баштайсыздар 703 330 5ХХ

"Мекен-Ынтымагы" саясий партиясыны буюрса шайланып келсек, эң биринчи Жогорку Кенештин регламентин өзгөртөбүз. Бул депутат башка депутат үчүн добуш бере албай. Жыйынга катышпаган депутаттын айлыгы кыскартылат. Ички жана тышкы иш сапарларга оз каражаты менен баруу жана эң негизгиси ай сайын алган 40 миң сом алган кошумча төлөмдөрдү кыскартылат. Кызматтык унаа кызматтык турак жай болбойт.

Айтыңыздарчы ушул учурга чейин, агитация үчүн кайсы партия канча акча коротту? Ал каражат кайдан келди. Пандемия учурунда эл үчүн кандай жардам көрсөттүнөр? Санкт Петербург шаарынан Калысбек +7 925 796-86-ХХ

“Бир Бол”: Биздин талапкерлер Россиядан жана Түркиядан 40 мекендеш дарыгердин келишине жардам берип, 3000 кишинин айыгуусуна себепкер болду. Бул дарыгерлердин учак билеттери жана 1 жарым айдагы чыгымдарын көтөрдү. Региондон келген дарыгерлерге жаңы протокол үйрөтүлдү. Мунун тышында даары дармек жана башка жардамдар берилди Жараткандын ыраазычылыгы үчүн, шайлоо үчүн эмес. Шайлоо каражаты биздин жаратман талапкерлердин жеке өз каражатынан алынды.

Айыл чарбасы, мал, суу чарбасын өнүктүрүү боюнча эмнеге айтпайсыңар? Ушуларды кантип өнүктүрсөк болот? 558 838 346

“Кыргызстан”: Биздин программа айыл чарбага көп көңүл бурулган. Аны так аткарганга мүмкүнчүлүк болот.

“Республика”: Айыл чарбаны биз толугу менен реформалашыбыз керек, биринчиден баардык программаларды карап чыгышыбыз керек. Иштетилген продукцияны чыгарганы аракет кылышыбыз керек, болбосо башка ортомуларды гана байыта беребиз. алар биздин продукцияларды алып кайра иштетип пайдасын ошолор көрүшөт.

“Ыйман Нуру”: Айыл чарбасын өнүктүрүштүн 3 негизги жолу бар: 1 - сапаттуу жана натыйжалуу үрөөндөр, 2-автоматташтыруу (айдоодо, себүүдө, жыйнап алууда, сактоодо), 3-сатуу жолдору. Сатуу жолун болсо, ошол региондордо кайра иштетүү ишканалрды ачуу керек, ал ишканалардын товарларын сатууда да мамлекет тарабынан колдоо керек, аны үчүн биздин эл, бизде өндүрүлгөн товарларды сатып алууну үйрөнүш керек.

“Мекен Ынтымагы”: Айыл чарбасы, мал, суу чарбасын өнүктүрүүгө толук мүмкүн. Орто Азияда таза сууга эң бай мамлекет бизбиз. Мал үчүн жайытыбыз эң кенен бизбиз. Айыл чарба маселеси боюнча концепциябыз даяр. Айыл чарба продукцияны кайра иштетүүдө, сатууда жана кийинки жылга себүү прогноздору мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүлүшү керек.

Узбекстан менен Тажикстанга отуп аткан контрабанда жол менен миллиардарга өтүп жатат. Жонокой эл баары коруп турат да. Ушу маселени кантип туп тамырынан чече аласынарбы? 0773062 2ХХ

“Республика”: Бул меселени чечүүдө мыйзамдын сакталышын катуу көзөмөлдөшүбүз керек жана чек арада 24 саат бою онлайн тартып турган камералар турушу керек.

“Кыргызстан”: цифровизация аркылуу чечилет. Таможняны толук сканер, камера, компьютер менен чечсе болот. Жана болгон таможниктердин байлыгын текшерип жоопко тартыш керек.

“Ыйман Нуру”: Бул маселени фискализацияны киргизүү менен чечсе болот, аны киргизиш үчүн бизне эң биринчи саясий эрк керек. Фискализация 3 этапка бөлүнөт: 1- электрондук счет-фактура (товарларды учетко алыш үчүн), 2-маркировка (товарлардын өлкө ичинде же сыркта чыгууда текшерүү), 3- скоринг (товарлардын эл тарабынан сатып алуу статистикасы).

“Бир Бол”: Таможналарга Рентген тунельдерди орнотобуз, автоматташтырабыз. Бир да унаа рентгенден өтмөй сайын өтө албайт, сүрөттөр 10 жыл сакталат. Баардык тармактарда контрабанда бүтөт. Бажы биримдигинин башка мүчөлөрүнөн да талап кылабыз, аткарышбаса Бажы Биримдигинен чыгууну керек болсо шарт койобуз. Бизге Бажы Биримдигинин чегинен өткөн баардык унаалардын рентген тунельден өтүүсүн талап кылабыз.

Кумтөр менен келишимди кайра караса болобу? Ушул маселени көтөрүп чыга аласыңарбы? 558 600 2ХХ

“Республика”: Толугу менен карап чыгышыбыз керек жана мамлекеттин элдин кызыкчылыгына туура келген чечимдер кабыл алынышы керек.

“Кыргызстан”: Күмтөр маселесин карап толук мамлекеттин элдин акчасын кайтарыш керек, баардык күнөөлүлөрдү жоопко тартып кустуруш керек.

“Ыйман Нуру”: Карап чыкса болот, бул учурда биздин мамлекеттик кызыкчылыктарды эске алуу менен, анан инвестициялык климатты бузуп албашыбыз керек, себеби өлкөдө ишке ашып жаткан инвестициялык проектилердин абалына шартарына жараша башка инвесторлор келет.

“Мекен Ынтымагы”: Кумтөр боюнча, парламентте биз  биринчиден демилгелей турган маселе болот.  Кумтөрдү эл аралык базарда алтындын баасынын өзгөрүшүнө ылайык кошумча салыктарды киргизип мамлекетте көптөгөн кошумча кирешелерди буюрса алабыз.

Конституция боюнча өлкөнүн Коргоо саясатын жүргүзүү Өкмөткө жүктөлгөн, тилеке каршы бүгүнкү күндө Өкмөт тарабынан коргоо багытында эч кандай саясат жүргүзүлбөйт. Учурда 2017-жылы Президенттин указы менен түзүлгөн Генералдык штаб менен Коргоо комитетинин ортосунда биринин ишин кайталоо, түшүнбөстүктөр орун алып келет. Өлкөнүн аскердик саясатты жүргүзүү, аскер адамдарынын социалдык маселелери боюнча оюңуздар кандай? 704 003 8ХХ

“Бир Бол”: Коргонуу министрдиги өкмөт мүчөсү болуусу керек, ПМге баш ийүүсү керек. ПМ кантип чек ара маселесин чечет коргонуу министрдиги жана чек ара кызматы ага баш ийбесе. Ушул себептен Баткен чек ара маселеси чечилбей келет.

“Республика”: Туура бул багытта көп көйгөйлөрүбүз бар, тактап ала турчу маселелер да бар. Биз сунуштап атканыбыз бир адам жоопту болушу керек, өзүбүздү алдабайлы. Эгерде биз Президенттик башкаруу системасын тандасак анда Президент толугу менен баардыгына жоопкерчиликтүү болушу керек, эгерде парламенттик система десек анда Премьер министр жоопкерчиликти алышы керек. Аралаш система болбойт, эч ким жооп бербейт.

“Кыргызстан”: Аскерелерибиздин социалдык маселелери толук чечилиш керек. Аскер кайсы жака барса дагы үй менен камсыз болуш керек. Андан тышкары жубайы, балдары жумуш жана мектеп, бала бакча маселеси чечилиш керек. Пенсияага чыкканда өзүнүн жеке үйү менен камсыз болуш керек.

“Ыйман Нуру”: Аскер адамдардын айлык акысы, социалдык камсыздоосу маанилүү, айрыкча аскерий адамдардын пенсияга чыккандан кийин  ишке орношуусу, ошол тармакта атайын программаны иштеп чыгып, ал кишилердин жаңы кесиптерге окутуп же окшош тармактарга жумушка орнотуу маселеси каралыш керек.

“Мекен Ынтымагы”: Коргоо тармагындагы кызматкерлердин социалдык абалы мамлекет тарабынан чечилиши керек. Мамлекеттин коопсуздугу эн биринчилерден болушу керек. Ооба мамлекеттин коопсуздугу Окмөткө жүктөлгөн.  Укуктук ченем актылардын иерархиясы боюнча Конституция, Президенттин указынан бийик турат.

Суроо баарына:парламентке барганда пандемия орусу боюнча ачык чындыка чыгасыздарбы? Медицинада чыныгы абал кандай? 07093881ХХ

“Республика”: Пандемия биздин медицинадагы реалдуу абалды ачыктап, көрсөтүп койду. Бул толугу менен реформага муктаж тармак, пандемия учурунда баардык кетирген кемчиликтер иликтениши керек.

Кумтөр менен келишимди кайра караса болобу? Ушул маселени көтөрүп чыга аласыңарбы? 558 600 2ХХ

“Бир Бол”: Биз ал жакка ачык конкурс менен Башкаруу Кенеши мүчөлөрүн тандоону сунуштайбыз. Кумтөр чыгымдарын ачык айкын жарыялаш керек. Биз жаны кен байлык конкурстарда акция алгандын оордуна чыккан алтындын 25% мамалекетке алынуусун инвестициялар кайткыча, инвестиция кайткандан кийин чыккан алтындын 40% биздин мамлекетке калуусун сунуштайбыз. Бул алтындын жарымы борбордук казына ал эми калган 50% ошол Аймак(ирилешкен райондор) казынасына калсын. Бизге бай аймкатар керек. Алар өздөрү коргоп алат инвесторун. Конкурсту Аймак өзү өткөрсүн Госгеология көзөмөлдөп эле берет конкурстун эрежелерин.

Бир мандаттуу шайлоого кандай карайсыздар? 0555 098 4ХХ

“Республика”: Бир мандаттуу шайлоо системасы бул эртеңки күн, бирок шайлоочулардын тизме түзүүдө таасирин күчөтүшүбүз керек. Мисаалы азыркы эле партиялардын тизмесинде өзүнчө да кандидатка добуш берүү укугун беришибиз керек.

“Кыргызстан”: Бизге преференциалдуу добуш маселесин карап көрсөк туура болот деп ойлойбуз.

“Бир Бол”: Туура эмес феодолизмге кайтабыз, трайбализм регионализм огобош бетер күчөйт. Преференциалдуу шайлоо сунуштайбыз. Биринчи партияны, анан анын ичиндеги 120 талапкерден бирөөнү тандасын шайлоочу, Ошондой эле Парламентаризм өнүгүшү үчүн айылдык кенештер да партия тизмеси менен гана шайлансын, айыл өкмөтү жетекчиси эл тарабынан шайлансын. Ошондо партиялар туруктуу болот, идея тегерегинде биригет, лидер тегерегинде эмес.

“Ыйман Нуру”: Маселе Жогорку Кеңешке келүү жолдорунда эмес, келип жаткан адамдардын кесипкөйлүгүндө, адептүүлүгүндө.

Бардык партияларга суроо: Люстрация мыйзамын кабыл алууга макулсуздарбы? 558 120 0ХХ

“Республика”: Бизге люстрация мыйзамын кабыл алуу керек, болгону мыкты иштелип чыгышыбыз керек.

“Мекен Ынтымагы”: Люстрация мыйзамын иштеп чыгып, саясий кызматтагы адамдердын кызмат учурунда кетирген кемчиликтери үчүн колдонсо болот. Административдик, миниципалдык, дипломатиялык жана аскер, укук коргоо кызматындагы адамдар үчүн башка мыйзам актылары иштеши керек.

“Кыргызстан”: Кылдаттык менен карап жана талкуулап кабыл алууну туура деп эсептейбиз.

“Ыйман Нуру”: Люстрация керек, бирок репутациясы начар, натыйжасыз, паракор кызматкерлердин дарегине колдонуш керек

Баардык партияларга: Ар бир жарандын, депутаттын, президенттин жана соттордун декларациясын ким текшерип ким көзөмөлдөйт? Негизи көзөмөлдөө иши кандай иш алып барууда? 705 408 6ХХ

“Республика”: Салык кызматы

Парламентке барганда пандемия орусу боюнча ачык чындыка чыгасыздарбы? Медицинада чыныгы абал кандай? 07093881ХХ

“Ыйман Нуру”: Медицинада обал оор, аны чечүү үчүн биздин партия Салык кодексинин 208 беренесине өзгөртүү киргизет, андан сырткары бюджетке түшкөн кирешелерди адилеттүү бөлүштүрүү менен медицина тармагына, ал тармактын жабдууларын жаңыртуу, инфраструктураларын жаңылоо анан албетте айылк акыларын көтөрүү болуп саналат. Мындан сырткары, даары дармекти даярдоо маселеси, илим менен болгон байланыш, бир гана илим жаны инфекциялардын алдын алууга жардам берет.

Ар бир жарандын, депутаттын, президенттин жана соттордун декларациясын ким текшерип ким көзөмөлдөйт? Негизи көзөмөлдөө иши кандай иш алып барууда? 705 408 6ХХ

“Кыргызстан”: Налог, кадр службасы жакшы изилдеп маалыматты ачыка чыгарып туруш керек. ГКНБ жана Прокуратура анализдеп ар бир өзгөчүлүктөргө тийиштүү чара көрүш керек.

“Мекен Ынтымагы”: Саясий жана административдик кызматтагы адамдардын толтурган киреше декларациясын , салык кызматы текшерет. Кошумча прокуратура органдары дагы текшерүүгө укуктуу.

“Республика”: Салык кызматы, прокуратура текшерет. Бирок текшергени менен эч нерсе таппаса бул текшерүүлөрго ишеним болбойт. Эл арасында чоң кызматтагы чиновниктер эң бай адамдарга айланып атканын көрүп, алар айдаган машиналарын, салган үйлөрүң көрүп күмөн пайда болот, биз бүт системаны кайра карап чыгышыбыз керек.

“Ыйман Нуру”: Бул жумуштуу тийштүү мамлекттик органдар карап жатышат, мамлекеттик кадр кызматынан баштап, коопсуздук кенешине чейин.

Парламентке барганда пандемия орусу боюнча ачык чындыка чыгасыздарбы? Медицинада чыныгы абал кандай? 07093881ХХ

“Бир Бол”: Биз текшерүү талап кылабыз, жоопко тартылуусун талап кылабыз күнөөлүлөрдүн. Толук өзгөрүүсү керек медицина тармагы, пандемия мүмкүнчүлүк берүүдө. Түркия сыяктуу мамалекеттер биз менен тажрийба алмашууга даяр экендерин билдирип келишет. Биз болсо алар салган оорукананы да ишке киргизбей келебиз жада калса. Бизде программада так айтылган биздин баракчада толук маалымат бар.

Мекен ынтымагы: почему ваша программа нигде не опубликована? 550 559 9ХХ

"Мекен-Ынтымагы" саясий партиясынын шайлоо платформасы Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтында жайгаштырылган, кошумча фейсбук, инстаграм жана шайлоо үчүн таратылган материалдрыбызда жайгаштырылган.

Кыргызстан партиясына: Бизнесмен бийликке аралашпаш керек дегенге кандай карайсыз? 0706 150 8ХХ

“Кыргызстан”: Бизнестин өкүлү Жогорку Кеңеште болуп алардын кызыкчылыгын коргоп жана үнүн жеткизиш керек. Эгерде бизнесте жакшы жыйнтыктарга жетишсе анда Жогорку Кеңеште жакшы салымын кошот деп ойлойбуз. Рахмат.

Баардык партияларга: Ар бир партиянын мүчөлөрү кыргыз тилинде эркин сүйлөй алышабы? Кыргыз тилин өнүктүрүү боюнча аракет кыласыздарбы? 702 722 7ХХ

“Ыйман Нуру”: Альбетте сүйлөй алат, тилибиздин өнүгүшүнө ар бирибиз салым кошушубуз керек, аны үчүн эне тилибизди болушунча көп тармактарда колдонулуш керек, үй бүлөдөн баштап мамлекеттик жолугушууларда жана кагаздарга чейин.

Ар бир партиянын мүчөлөрү кыргыз тилинде эркин сүйлөй алышабы? Кыргыз тилин өнүктүрүү боюнча аракет кыласыздарбы? 702 722 7ХХ

“Мекен Ынтымагы”: Мамлекеттик тил, Кыргыз Республикасынын Конституциясында жана "Мамлекеттик тил жөнүндө" мыйзамында бекитилген. Биздин партиянын баардык мүчүлөрү мамлекеттик тилде эркин сүйлөшот.

“Республика”: Басымдуу бөлүгү албетте эркин сүйлөй алышат. Тил өнүктүрүүдө биз кыргыз тилиндеги контетти көбөйтүшүбүз керек, мисаалы азыр кичинекей балдарыбыздын баардыгы ютуб көрүшөт ал жакта баардык контент башка тилдерде. Бара бара тил аркылуу дилин да сиңирип алат. Биз аз дегенде үч тилде эркин сүйлөгөн муун тарбиялашыбыз керек, бирок эң биринчи эне тилин билгендей болушу керек

“Бир Бол”: Кыргыз Тили абдан маанилүү Кыргыз Тилиндеги бала бакчаларга эки эсе көп каражат бөлүүнү сунуштадык. ГЧП негизинде Кыргыз Тилиндеги менчик бала бакчага эки эсе каражат бөлөбүз ваучер аркылуу.

“Кыргызстан”: Бизде талапкерлер кыргызча билишет. Тилеке каршы биздин талапкерлер орусча жакшы сүйлөй алышпайт деп шылдыңдашат.

Баардык партияларга: ЖК депутатынын негизги 4 милдетин жана негизги 4 жоопкерчилигин атап бериңиздер. 708 607 6ХХ

“Республика”: Конституция боюнча негизги үч функциясы бар. Бул өкүлчүлүк, мыйзам чыгаруу, жана көзөмөл функциялары. Мына ушул ишти так аткаруу алардын милдети жана жоопкерчилиги. Жазылбаган милдеттери эл арасында көп жүрүшөт жана өзүнүн жүрүм турумдары менен жаштарга таасир этишет, андан тышкаары чет жака көп чыгышат аларды карап бул элдин мыктылар дешет, ошого жараша баа беришет, биз менен иш алып барышат

“Мекен Ынтымагы”: Жогорку Кенештин депутатарынын негизги милдеттери Конституцияда көрсөтүлгон. Жогорку Кенеш жогорку  мыйзам чыгаруу бийлик бутагы болгондуктан депутаттын эң негизги милдети Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо, шайлоочулардын кызыкчылыгын коргоо, мыйзам жазуу.

“Кыргызстан”: 1 мыйзам чыгрыш керек. 2. аткаруу бийлигин көзөмөлдөш керек. 3. элдин арыз муунун көтөрүп чечүү. 4. Президент, сот, прокуратура, жана башка мамлекеттин мекемелерин иш аракеттерин көзөмөлдөө жана жоопко тартуу.

“Ыйман Нуру”: Милдеттери: 1-мыйзам чыгаруу, 2-мыйзамдын аткарылышн текшерүү, 3-коомдун пикирдин негизинде жаңы сунуштарды мыйзамга сунуштоо, 4- жеке бизнестин жана мамлекеттик органдардын маселелеринин негизинде мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү. Жоопкерчиликтери: 1- Мамлекеттин улуттук кызыкчылыгын сактоо, 2-Мамлекеттик саясаттын эффективдүүлүгүн контролдоо, 3-сунуштарынын сапаты, 4-элдин көйгөйлөрүн мыйзамдар аркылуу чечүү.

“Бир Бол”: Мыйзам чыгаруу, өкмөт куруу жана бекитүү, бюджетти бекитүү, БШК, Эсеп Палатасы, Сотторду тандоо кенеши сыяктуу мекемелердин мүчөлөрүн дайындоо.

Бирбол партиясына суроо: карапайым адам мамлекеттик жумушка орношойун десе туугандары жана озу соттолгон эмеспи текшерилет, эмне учун атка минерлерге бул закон иштебейт? 0775 655 1ХХ

“Бир Бол”: Ачык айкын конкурс алып келебиз, керек болсо конкурсту өткөрүүнү эларалык уюмдар менен бирге алып барабыз. Соттолгон кишилердин коомго кайтуусу абдан маанилүү, себеби алар жазасын тартып бүттү. Биз камактагылардын жарымынын, женил кылмышкерлердин электрондук браслет аркылуу үй камагына чыгарылуусун сунуштайбыз. Технология аркылуу аларды үйүнөн көзөмөлдөйбүз. Чыгымдар азайат, кылмышкердин коомго кайтуусу женилдейт. Камактагыладын жарымы үйбүлөөсүнө кайтат. ОПГ жалгыз камераларга киргизилет.

Алтынбек Сулайманов, сизди бай деп угабыз. Ушунча байлыкты кантип кайдан топтодунуз эле? 779 708 1ХХ

“Бир Бол”: Алтынбек Мырза багбанчылык, курулуш менен алек болуп келет. Алтынбек Мырза алдынкы байлар тизмесине кирбейт.

Здравствуйте! Вопрос касающейся к партиям Бир Бол , Кыргызстан и Республика: вы же избирались до этого, почему вы не смогли исполнить обещанное? 0707 484 895

“Республика”: Если действительно изучать работу по выполнениям политических партий, то вы легко обнаружите что партия Республика работала над их выполнением и это отличие партии от других. Безопасный город, льготные кредиты под сельское хозяйство, ипотека, отмена тех осмотров, доверенностей, двух уровневый бюджет и тд.

“Бир Бол”: Биз жаныландык, 97% жаны жүздөр, жаратман билимдүү күчтөр менен келе жатабыз. Саясий Элита жаныланышы шарт.Башкалардан да күтөбүз.

“Кыргызстан”: Спасибо за вопрос. К сожалению наша партия не смогла возглавить Правительство, в связи с чем исполнение всех обещании не представилось возможным.

WhatsApp суроо - жооптордун 2- бөлүгүнө  өтүү үчүн бул жерди басыңыз.