Жаңылыктар
Теледебат: Электр энергиясынын өчүшүнө Батыш РЭСинде болгон авария себеп болду
Шайлоо 2023
Теледебат: Электр энергиясынын өчүшүнө Батыш РЭСинде болгон авария себеп болду

Бүгүн 2020- жылдын 30- сентябрь күнү Коомдук биринчи каналда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине талапкер саясий партиялардын өкүлдөрүнүн катышуусунда өтүп жаткан теледебат учурунда корпорациянын аппараттык- студия комплексинде электр энергиясы үзгүлтүккө учурады. Анын кесепетинен түз берүү 15 мүнөт эфирге чыкпай калды.

Электр энергиясынын өчүшүнө Батыш РЭСинде болгон авария себеп болду. Муну РЭСтин нөөмөтчүсү В. В. Корташов тастыктады.

Өзгөчө маанидеги түз эфирлерди өткөрүү тартиби боюнча бүгүн теледебаттар өтөөрү жана бул учурда электр энергиясынын өчүшүнө жол бербөө боюнча КТРКнын жоопту кызматкерлери тарабынан Батыш РЭСине, нөөмөтчү В. В. Корташовго алдын ала 18:00дө эскертме жолдонгон.

Келтирилген ыңгайсыздык үчүн Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы телекөрүүчүлөрдөн кечирим сурайт.