Жаңылыктар
Алыкулов Казакстанда топ-12 баасы өскөн футболчулардын катарына кирди
Спорт
Алыкулов Казакстанда топ-12 баасы өскөн футболчулардын катарына кирди

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын оюнчусу Гүлжигит Алыкулов Казакстан Премьер-Лигасында баасы өскөн топ-12 футболчунун катарына кирди. Бул туурасында атактуу Transfermarkt порталы жарыялады.

 Маалыматка ылайык, тизмеге кирген оюнчулар 2020-жылдын 1-июлунан тартып эсептелинген. Аталган тизмеде Алыкулов 12-орунга жайгашкан. Футболчунун баасы акыркы 3 ай аралыгында 200 миң евродон 550 миң еврого чейин өскөн.

Эскерте кетсек, Гүлжигит Алыкулов ушул жылдын башында “Неман” клубунан казакстандык “Кайрат” клубуна өткөн.