Жаңылыктар
Бишкекте “Орозо чатыры” ачылды
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте “Орозо чатыры” ачылды

Долбоордун максаты - аз камсыз болгон жарандар жана орозо туткандар чогулуп, ыйык Орозо тууралуу баарлашып, дин аалымдарынан кененирээк маалымат алуу. 

Ишеналы Арабаев атындагы университеттин аймагында өтүп жаткан иш-чара айдын отузуна чейин уланат. Орозо чатырында акысыз тамак 100дөн ашык адамга даярдалууда. 

Ооз ачууга келгендерге маданий программалар менен ислам дини тууралуу лекциялар окулуп, тасмалар көрсөтүлөт. Мындай сооп иш “Ыйман” фонду жана Ислам журналы тарабынан Кыргызстанда биринчи жолу өткөрүлүүдө.