Жаңылыктар
А.Жаманкулов Ала-Бука районундагы “Шах -Фазиль” мамлекттик тарыхый-маданий корук-музейи менен таанышып чыкты
Маданият
А.Жаманкулов Ала-Бука районундагы “Шах -Фазиль” мамлекттик тарыхый-маданий корук-музейи менен таанышып чыкты

Азамат Жаманкулов Ала-Бука районундагы “Шах -Фазиль” мамлекттик тарыхый-маданий корук-музейи менен таанышып чыкты.

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкуловдун иш сапары Жалал- Абад облусунун Ала-Бука районунда уланып жатат. Анда ал “Шах- Фазиль” мамлекттик тарыхый-маданий корук-музейинде болуп, реставрациялык иштер менен жеринде таанышып чыкты.

Иш сапардын алкагында корук музейдин аймагында жайгашкан эстеликтерде келечекте боло турган реставрациялык иштердин планы жана корук-музейдин жер тилкелерин “Шах -Фазиль” мамлекттик тарыхый-маданий корук-музейинин балансына өткөрүп берүү маселелери талкууланды.

Талкуу учурунда министр тез аранын ичинде 2017-жылы бекитилген коргоо чөлкөмүнө ылайык, музейге тиешелүү жер тилкесин тарыхый-маданий мурас багытында пайдалануу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечимдерин чыгаруу жана мамлекеттик актысын алуу тапшырмасын берди.

Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 25-декабрындагы №811 токтомуна ылайык, "Шах - Фазил" Мамлекеттик тарыхый-маданий музей-коругу болуп түзүлгөн. Музей-коруктун аймагынын коопсуздугун жана натыйжалуу башкарылышын камсыз кылуу максатында коргоо зоналары 2017-жылы иштелип чыгып, бекитилген.

“Шах -Фазиль” Мамлекеттик тарыхый-маданий музей-коругунун аймагында тарыхка жана маданиятка бай уникалдуу “Шах-Фазил” күмбөзү, “Сафид-Булан” күмбөзү, Ислам дининин 2700 жоокеринин (шахидинин) күмбөзү, “Ходжа Аламдар” күмбөзү “Кыргын” мечити, “Шахиддердин мүрзөсү”, “Мазар” конушу (VIII-XII кылымдар), Жарак-Тепе дөбөсү, XIX кылымдагы мечит, "Ыйык Таш", Көлмө, V-XVIII кылымдарга чейинки маданий катмар орун алган. Бул эстеликтерди Борбордук Азиянын, анын ичинде Фергана өрөөнүнүн калкы урматташат, ошондой эле диний зыярат кылуучу жер болуп эсептелинет.

Эң баалуу архитектуралык эстелик - Шах Фазил күмбөзүнүн архитектуралык мурасынын шедеври (XI кылым), ал оюп жасалган уникалдуу архитектуралык декорду түзөт.

Эске салсак, аталган мамлекеттик тарыхый-маданий музей-коругунун аймагында жайгашкан “Шах -Фазиль” жана “Сафид-Булан” күмбөзүндө 2015-жылдан бери оңдоо жана калыбына келтирүү иштери республикалык бюджеттин жана демөөрчүлөрдүн эсебинен жүргүзүлүп жатат.

Бул объект ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастарды киргизүү боюнча болжолдуу тизмесине кирген.