Жаңылыктар
Кыргыз-Венгер өнүктүрүү фонду өлкө экономикасын модернизациялоону жана өнүктүрүүнү көздөйт
Экономика
Кыргыз-Венгер өнүктүрүү фонду өлкө экономикасын модернизациялоону жана өнүктүрүүнү көздөйт

Президент Сооронбай Жээнбековдун Венгрияга болгон иш сапарынын алкагында, мамлекеттер аралык Кыргыз-Венгер өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндөгү меморандумга кол коюлду. Фонд Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы экономикалык кызматташтыкты илгерилетүү, Кыргызстандын экономикасын модернизациялоо жана өнүктүрүү максатында түзүлөт.

Экономика секторунун артыкчылыктуу тармактарындагы өзүн-өзү актаган долбоорлорго насыяларды берүү, капиталга катышуу жана башка каржылык инструменттерди пайдалануу. Дал ушул максатты көздөгөн Кыргыз-Венгер фонду Кыргызстанда катталган жана иштеп жаткан ишкердик субъектилерди каржылайт.

Фонддун уставдык капиталы элүү миллион АКШ долларына барабар. Венгрия тарап бөлүүгө ниеттенип жаткан 50 миллион доллар же 4 млрд сомго жакын каражат өлкөнүн бюджети же өкмөт төлөй турган карыз түйшүгүнө айланбайт. Ал ата мекендик бизнести, анын ичинде кыргыз-венгер биргелешкен ишканаларын өнүктүрүүгө багытталат.