Жаңылыктар
Армениянын вице премьер-министри: Азербайжандын 1 миң 280 аскери жок кылынды
Дүйнө
Армениянын вице премьер-министри: Азербайжандын 1 миң 280 аскери жок кылынды

Тоолуу Карабахта жаңжал башталгандан бери Азербайжандын 1 миң 280 аскери жок кылынып, 2700дөй аскери жаракат алды. 

Бул тууралуу Армениянын вице премьер-министринин Тигран Авинян өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазган. Анын билдирүүсүндө Азербайжан тарап мындан тышкары 90 пилотсуз учак, 12 тик учак, 181 танк, үч оор от алуучу тутум, төрт учак жана аскердик унааларын жоготкон. 

Буга чейин Армениянын Коргоо министрлиги ТоолууКарабах Республикасынын абадан коргонуу бөлүктөрү Азербайжан аба күчтөрүнүн үч учагы, эки тик учагын жана алты пилотсуз учагы жок кылынганын билдирген. 

Өз кезегинде Баку бул билдирүүлөрдү четке кагып, бейшемби күнү согуштук учактарды колдонбогонун билдирген. Учурда эки өлкөгө аскер абалы жарыяланып, абал оор бойдон калууда.