Жаңылыктар
Базар-Коргондо уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды
Кылмыш
Базар-Коргондо уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Базар-Коргондо уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, район тургуну милицияга 110 миң сом акчасын алдап алып, убада кылган иштерин бүтүрбөй же акчасын кайтарып бербей качып жүргөн таанышына чара көрүү өтүнүч келтирилген арыз жазган. Бул факты боюнча  "Алдамчылык" беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. 

Ыкчам иликтөө иш-чараларынан кийин Базар-Коргон районунун тургуну мурда Россия Федерациясынын аймагында соттолгон, 39 жаштагы жаран экендиги аныкталган. Ал 2010-жылдан тартып ИИМде уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары каттоодо турган. Учурда сотко чейинки өндүрүш ишинин негизинде тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.