Жаңылыктар
БШК: Форма-2 боюнча үч жаран 22 ирет арыз бергени аныкталды
Шайлоо 2023
БШК: Форма-2 боюнча үч жаран 22 ирет арыз бергени аныкталды

Форма-2 боюнча үч жаран 22 ирет арыз бергени аныкталды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова бүгүнкү брифингде билдирди. 

Ал белгилегендей, шайлоочулардын тизмеси боюнча көп маселелер бар. Добуш берүүлөрдүн тизмеси 3 миллион 523 миң 554тү түздү. Бул 24-сентябрга карата көрсөткүч. Ал эми 4-сентябрга карата 3 миллион 465 миң 415 болгон. Форма-2ни толтуруу маселеси боюнча бир нече жолу кайрылгандар катталды. Анын ичинен 32 миң 504 адам 2 жолу, 5 миң 810 жаран 3 жолу арыз менен кайрылган.