Жаңылыктар
8-июлдан 4-октябрга чейин БШКга 142 арыз даттануулар келип түшкөн
Шайлоо 2023
8-июлдан 4-октябрга чейин БШКга 142 арыз даттануулар келип түшкөн

8-июлдан 4-октябрга чейин Борбордук шайлоо комиссиясына 142 арыз даттануулар келип түшкөн. Анын ичинен 21 арыз канааттандырылган. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Алмаз Асаналиев журналисттерге маалымдады. Анын айтымында, 74 арыз-даттануулар боюнча канааттандырылуудан баш тартылган. 

12 арыз-даттануулар болсо, укук коргоо жана башка мамлекеттик органдарга жиберилген. 14 арыз маалымат иретинде гана келип, анын 2 арызын даттануучулар кайра кайтарып алышкан. 18 арыз боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.