Чуй областынын Ысык-Ата районуна караштуу Новопокровка аймагындагы номер 7143 шайлоо тилкеси саат 08:00дө ачылды.
"Биринчи радионун" кабарчысы Бегайым Абдыкадырованын айтымында, таң эрте добуш берем деген жарандардын саны өтө көп келди. Тилеке каршы колдун мөөрүн ала турган аппараттын иштөөсү үзгүлтүккө учурап кезек күткөндөр көбөйүп кетти.
Жалпы шайлоочулардын саны бир жарым миңден ашык адам.