Жаңылыктар
Өкмөт түзүмү эл өкүлдөрүнүн элегинде
Саясат
Өкмөт түзүмү эл өкүлдөрүнүн элегинде

 Жогорку Кеңештин тармактык комитети премьер-министрдин өкмөт түзүмүнө өзгөртүү киргизүү сунушун колдоду. Аны Жогорку Кеңештин жалпы жыйынына сунуштады. Өкмөттүн жаңы түзүмүнө ылайык, өнөр жай, энергетика жана жер байлыгын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитет, маалымат технологиялары жана байланыш агенттиги негизделет. Ал эми экономика, транспорт министрликтеринин, каттоо кызматынын жана геология агенттигинин функциялары кыскарат. Ошол эле учурда айрым министрликтердин укуктары кеңейет. 

Бул - өкмөттүн түзүмүн өзгөртүү долбоорунун биринчи этабы. Ал ишке ашса, министрлер кабинети долбоордун экинчи этабына киришет. Ошентип, Жогорку Кеңештин тармактык комитети аткаруу бийлиги сунуш кылган өкмөт түзүмүнө өзгөртүү киргизүү сунушун колдоду. Эми аны палата ушул аптада карашы мүмкүн.