Жаңылыктар
Ысык-Көл облусу боюнча 248 шайлоо участкалары ачылды
Шайлоо 2023
Ысык-Көл облусу боюнча 248 шайлоо участкалары ачылды

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Балбак Түлөбаев Каракол шаарындагы 3142 шайлоо участкасында добуш берди.

Анын ичинен Ак-Суу районунда - 41, Жети-Өгүз районунда – 48, Ысык-Көл районунда - 40, Тон районунда - 37, Түп районунда - 41, Каракол шаарында - 25, Балыкчы шаарында - 16 шайлоо участкалары. (Тиркелет)

Такталган тизме боюнча жалпы шайлоочулардын саны облус боюнча 290769 адамды түзөт. Район, шаарлар боюнча:

Ак-Суу району боюнча – 41941, Жети-Өгүз району боюнча – 54726, Ысык-Көл району боюнча – 50853, Тоң району боюнча – 34175, Түп району боюнча – 39191, Балыкчы шаары боюнча – 29553, Каракол шаары боюнча – 40330. (Тиркелет)

2020-жылдын 1-август айынын 21-сентябрь айына чейин 25877 жарандын ичинен 3053 адам биометрикадан өткөн. Ал эми, биометрикадан өтө элек жарандардын саны 1117, ички миграцияда 9782 адам, тышкы миграцияда 6117 адам, каза болгондор 2594 адам, 3214 адам биометрикадан өткөндүгү аныкталып, биометрикадан өткөрүү иштери жүргүзүлдү. (Тиркелет)

Облус боюнча Ф-2 менен шайлоого катышууга арыз жазган шайлоочулардын саны 13951 шайлоочуну түзөт (Тиркелет)

Мындан сырткары, ар бир шайлоо участкаларынын материалдык-техникалык жактан камсыздоо, практикалык жардам көрсөтүү максатында райондук, шаардык мекеме-ишкана жетекчилери ар бир шайлоо участкаларына бөлүнүп иштер алынып барылды.

Шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн иштешине ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында, айыл өкмөттөрү тарабынан учаскалык шайлоо комиссияларына имараттар, же убактылуу бөлмөлөр, керектүү эмеректер, офистик жабдуулары менен бөлүнгөн. Жергиликтүү бийлик органдары тарабынан участкалык шайлоо комиссияларынын бөлмөлөрүн жугушсуздандыруу (дезинфекциялоо) максатындагы тиешелүү каражаттар (хлор) бөлүнүп берилип, бөлмөлөр бир нече ирээт шайлоо комиссиялары жана жергиликтүү бийлик органдары тарабынан жугушсуздандыруу, санитардык эпидемиологиялык талаптар сактоо иштери алынып барылды.