Жаңылыктар
Парламенттик шайлоого 277 эл аралык байкоочу көз салып жатат
Шайлоо 2023
 Парламенттик шайлоого 277 эл аралык байкоочу көз салып жатат

 Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, Кыргызстанда өтүп жаткан парламенттик шайлоого 277 эл аралык байкоочу көз салып жатат. Алар дүйнөнүн 43 өлкөсүнөн келишкен 33 эл аралык уюмдун өкүлдөрү. Мындан тышкары 77 жарандык коомдун жана шайлоодо ат салышып жаткан 16 саясий партиянын байкоочулары да добушканаларда жараянга байкоо салышууда. Байкоочулардын баары БШКнын каттоосунан өтүшкөн.